Кабелдик телекөрсөтүү

Википедия дан
Коаксикалык кабель телекөрсөтүү сигналын берүү үчүн кеңири колдонулат. А: Сырткы пластикалык кабык В: Жез өрүм С: Ички пластикалык изолятор D: Борбордук өткөргүч.

Кабелдик телекөрсөтүү – сүрөттүү жана үндүү сигналды кабель аркылуу тиешелүү булактардан кабыл алгыч аппаратка чейин жеткирүүчү жана керектөөчү спутниктик байланыш системасына кошуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүчү канал. Коммуналдык антеннанын пайдаланышына жараша кабелдик телекөрсөтүү коллективдик антенналуу телекөрсөтүү деп да аталат. Биринчи жолу АКШнын бир катар шаарларында колдонулган. Азыр Кабелдик телекөрсөтүү дүйнөнүн бирканча мамлекеттеринде, ошондой эле Кыргызстанда (Ала ТВ, «Долон ТВ») иштейт. Кабелдик телекөрсөтүүборбордук антенна аркылуу берилген сигналдарды кабыл алып, күчөтүп, коаксиалдык кабелъ аркылуу үйлөргө бөлүштүрөт. Алгач бул система телекөрсөтүү станциясы жок жана сигналдарды начар кабыл алуучу аймактарда колдонулган. Негизинен көп кабаттуу үйлөрдө жалгыз антеннанын жардамы менен бардык кабыл алгычтарды тейлөөгө болот. Бир кабель 40тан ашык телекөрсөтүү каналдары аркылуу берүүнү камсыз кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]