Кабиров Мамыт

Википедия дан

Кабиров Мамыт 1897-жылы азыркы Сузак районунун Сафаровка айылында туулган.

1918-1920-жылдары Гүзар-Ивановка революциялык комитетинин мүчөсү, 1920-1921-жылдары Базар-Коргон районундагы Кыргызпотребсоюздун төрагасы, 1922-жылдан Ыктыярдуу отрядда кызмат кылган. 1925-жылы РКПБ Компартиянын (КПСС) мүчөсү болуп кабыл алынган. 1927-1930-жылдары Москва шаарындагы «Рабфакты», 1930-33-жылдары Ташкент шаарындагы САГУ, Орто Азия университетин аяктайт.

1933-1941-жылдары Базар-Коргон МТМде Саясий жетекчи, Хиля айыл кооперативинде директор орун басары, Арсланбаб айыл кооперативинде директор орун басары, Кызыл Ункур токой чарбасында директор, Базар-Коргон пахта чарбасында директор, Октябрский районунун камсыздоо конторасынын төрагасы, 1941-жылы Багыш айыл кеңешинин төрагасы болуп иштейт.

Улуу Ата-Мекендик согуш маалында, атайын уезддик политсоветтин чарбаларды ирилештирүү буйругу менен тылда калып, «Ленин Жолу», «Кызыл-Туу», «Фрунзе», «Кедей-Арык», «Жаны-Куч», «Сары-Булак» колхоздорун бириктирип, 1956-жылга чейин өзү жетектеген. Ошондой эле 1950-жылы, Октябрь райондук кеңешине депутат болуп шайланган.

  • Кыргыз ССРнын Жогорку Советинин Ардак грамотасы,
  • «Ата Мекендик согуш жылдарындагы ак эмгеги» медалы,
  • СССРдин «Айыл-чарба ишинин отличниги» ардактуу наамы,
  • Кыргыз ССРнин ВСынын Ардак грамотасы,
  • СССРдин «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3