Кабыл уулу Кулболду

Википедия дан

Кабыл уулу Кулболду (1863, Жумгал өрөөнү, Көк-Ой кыштагы - 1936, Суусамыр кыштагы) - колунан көөрү төгүлгөн зергер уста.

Күмүштөн кооз буюмдарды(аялдардын билеригин, иймек, топчу, чач уштук) жана ат жабдыктарын жасаган. Ошондой эле темирди да иштетип, элге керектүү шаймандарды жасап берген. Жыгаччылык менен да алектенип ээр, боз үйдүн сөөгүн даярдаган.

1882-ж. Суусамыр өрөөнүнө көчүп келип, өмүрүнүн акырына чейин жашаган. 1887-1936-жылдары 1-Май кыштагында эки тегирмен куруп, элдин данын тартып берип турган. 1936-жылдан 1963-жылга чейин ал тегирменди уулу Эсенжан иштетип келген. Темиржан уруусунан болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9