Кабырчыктуу чакалай

Википедия дан
Кабырчыктуу чакалай

Кабырчыктуу чакалай — теринин көп жолугуучу жугуштуу эмес оорусу. Бул оорунун себеби толук аныктала элек.

Оорунун белгилери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оорунун өнүгүшүнө нерв жана эндокрин системаларынын, зат алмашуунун бузулушу түрткү болот. Ал тукум куума оору. Көп учурда бир туугандар ооруйт. Бул оорунун башталышында (кайсы гана жашта болбосун) териде, көбүнчө чыканакта, тизеде кызгылт же кызыл түстөгү бөлөк-бөлөк майда тактар пайда болот, ал ак кабырчыктар менен капталып оңой ажырайт, бул кабырчыктар сыйрылганда теринин үстү кызгылтым тартып, жылтырап канталап калат. Тактар бири-бирине кошулуп, акырындык менен чоңоёт.

Оору күчөп турган мезгилде дене ысыйт, бездер чоңоюп, муундар жабыркайт. Тырмактардын өңү өчүп, калыңдайт, анда чекиттей чуңкурчалар пайда болот. Нерв-психикалык травмада, диета бузулганда, ар кандай оорудан организм начарлаганда мезгили менен жаңырып күчөп турат. Жай мезгилинде жакшы болуп кетет.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ооруну дарылоо догдурдун көзөмөлүндө ооруканада жүргүзүлөт. Мал майын, углеводду (кант, картошка, ак нан) аз пайдалануу, сүт жашылча диетасы сунуш кылынат. Оорулуунун жылуу климатта, деңиз жээгинде болушу пайдалуу, анткени күнгө кактанып деңизге түшүү, жер которуп эс алуу жакшы таасирин тийгизет. Бирок климаттык дарылоо догдурдун консультациясынан кийин гана жүргүзүлөт. Мындай оорулуулар диспансердик байкоо алдында болууга тийиш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8