Кавказ согуштары (18-19-кылымдар)

Википедия дан

Кавказ согуштары (18-19-кылымдар) – орус падышалыгы Кавказ аймактарын басып алуу максатында жүргүзгөн согуштар. Россиянын Иран жана Түркия менен жүргүзгөн согуштары, Крым согушу (1853-1856), Тоолуу Дагстан, Түндүк-Батыш Кавказ жана Чеченстан аймактарындагы тоолук кавказдыктарга каршы жүргүзгөн басып алуучулук согуштары (1817-1864), Кавказ элдеринин феодалдык эзүүгө каршы кыймылын басууга падышалыктын согуштук кийлигишүүсү Кавказ согуштарынын өзөгүн түзгөн. Түркия жана Иран тараптан кол салуу коркунучу Кавказ элдерин Россиядан ишеничтүү жөлөк издөөгө аргасыз кылган. Кавказ Россия, Түркия жана Ирандын ортосундагы күрөш очогуна айланган. Пётр I Персияга жортуул жасаганда (1722-1723), орус аскери Түндүк Азербайжандын жээктерин ээлеген, бирок Ганж келишими боюнча (1735) Россия аскерин Терек дарыясынын ар жагына алып кеткен. 1768-1774-жылдары орус-түрк согушунун натыйжасында Россияга Кабарда кошулган. 1783-ж. Чыгыш Грузия Россиянын протекторатына өткөн. 1795-ж. перстердин Грузияга кол салышы Россияны Закавказдагы аракетин активдештирүүгө мажбур кылган. 1801-ж. Россияга Чыгыш Грузия, 1802-1806-жылдары Батыш Грузия, Осетия, Түндүк Азербайжан, 1810-ж. Абхазия, 1813-ж. Дагстан кошулган. Орус-түрк (1828-1829), орус-иран (1826-1828) согуштары Чыгыш Армения, Түштүк-Батыш Грузия жана Кавказдын Кара деңиз жээгинин түндүк бөлүгү Россияга кошулушу менен аяктаган. Өзүнчө Грузин (1820-жылдардан Кавказ) корпусу түзүлгөн, ага 1816-ж. А. П. Ермолов, 1827-ж. И. Р. Паскеевич, 1831-ж. Г. В. Розен, 1837-ж. Е. А. Головин, 1842-ж. А.И. Нейдгардт, 1844-ж. М. С. Воронцов, 1854-ж. Н. Н. Муравьев, 1857-жылдан А. И. Барятинский командачылык кылган. 1817-1818-жылдары орустардын Преград Стан, Грозный, Внезапная, Бурная чептери курулуп, алар Түндүк Кавказ тоолуктарынын жерлерин басып алышкан. Падышачылыктын баскынчы саясаты жана колониялык эзүүсү тоолуктардын мюридизм туусу астында боштондук кыймылынын күчөшүнө алып келген. 1820-жылдарда тоолуктардын имаматы түзүлгөн. Анын башкаруучулары мюридизм кыймылынын башында турган: Гази-Магомет (1828-1832), Гамзат бек (1832-1834), Шамиль (1834-1859). Шамилге каршы күрөш 1859-ж. бүткөн. Кавказ согуштары 1864-ж. Кавказды багынтуу менен аяктаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]