Шамил

Википедия дан

Шамил (26. 6. 1797, Батыш Дагстан, азыркы Унцукуль району, Гимры айылы - 4. 2. 1871, Медина, Осмон империясы (азыркы Сауд Аравиясы) - Чыгыш кавказдык тоолуктардын башчысы. Түндүк-Кавказ теократиялык мамлекетинин 3-имамы (1834-59), Мюридизмдин негиздөөчүсү, биринчи имам Гази-Мухаммаддын шакирти.

Шамил Батыш Дагстан жана Чечня тоолуктарынын Россия империясына каршы күрөшүн жетек теген. 1859-ж. падыша аскери князь Барятинский тарабынан курчоого алынып, туткунга түшкөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4