Кавказ өндүрү

Википедия дан

Кавказ өндүрү – Чоң Кавказдын түндүк капталын улай жаткан аймак. Түндүгүнөн КумаМаныч өрөөнү, батышынан Азов деңизи, Керч кысыгы, чыгышынан Каспий деңизи менен чектешет. Батыш Кавказ өндүрүнө (Кубань-Азов бою ойдуңу, Кубань бою түздүгү, Тамань ж. а.), Орто Кавказ өндүрүнө (Ставрополь дөңсөөсү, Терек-Сунжа дөңсөөсү Минералдуу суулар тобундагы тоо-лакколиттер Бештоо, Машук ж. б.) жана Чыгыш Кавказ өндүрүнө (Терек-Кума ойдуңу) бөлүнөт. Кавказ өндүрүндө Краснодар жана Ставрополь крайлары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]