Каге

Википедия дан
Негизги макала: Наруто

Каге (англ. Kage, жап. 影, сөзмө-сөз "көлөкө") - беш эң күчтүү Жашырын Кыштактардын лидерлери жана жалпысынан алганда, өз кыштактарынын эң күчтүү нинжалары. Кыштактар өлкөнү башкарбайт, бирок ошол эле учурда өкмөт менен бирдей укукта. Каге өлкөлөрүнүн башчылары менен тең укукта кыштактарынын жашоосун көзөмөлдөйт, алар нинжа коомчулугунун лидерлери болуп саналат. Бирок эрежелерден тышкары учурлар да кезигет, кандай гана болбосун, Каге болгондо нинжа күчтүү болушу мүмкүн, бирок карыган сайын күчүн жоготуп, акырында андан күчтүү жаш нинжалар алардын ордун басат. Ардактуу эс алууга чыккан соң, картайган нинжалар өзүнүн наамын башкаларга тапшырышы мүмкүн, бирок наамды тапшырганы менен картайган нинжа наамын жоготпойт, ошону менен кыштакта бир учурда эки нинжа болушу мүмкүн, бирок бирөөсү гана башкарууда катышат. Каге нинжалардын көбү алардын элиталык мүнөздүү багытына жараша, үй-бүлөлүк, устат-шакирт же ушул байланыштардын айкалыштырууларынан чыккан. Беш Каге өздөрүнүн өлкөлөрүнө жараша ар башка наамдарга ээ болот.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]