Кадимки коко

Википедия дан
Кадимки коко.

Кадимки коко (лат. Onopordum acanthium, L. 1753) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Көп жылдык, чанда эки жылдык өсүмдүк. Анын Түн. жарым шарда 200дөн ашык түрү кездешет. К.т. айрым түрү зыяндуу отоо чөп, кай бири ширелүү жана кооз. К.т. көп жылдык отоо чөп, жок кылуу кыйын. Сабагынын бийикт. 50-130 см, жогорку жагы бутактуу. Уругунан жана тамырынан көбөйөт. Даны майда, кабыксыз. Тамыр системасы өзөк жана каптал тамырдан турат. К.т. өсүмдүктү каптап, түшүмдү азайтып, сапатын начарлатат. Күрөшүү чарасы: туура которуштуруп эгүү, эрте тоңдурмалоо, гербицид чачуу жана башка

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]