Кадыралиев Исматилла

Википедия дан
Кадыралиев Исматилла 1957-жьшы Сузак районундагы Кара-Алма айылынын Беш-Жаңгак участкасында туулган.

  • 1964-жылы Кара-Алма 8 жылдык мектебине кирип,
  • 1972-жылы бүтүрүп, Көк- Арт мектеп-интернатынан окуусун улантып,
  • 1974- жылы орто билимге ээ болуп чыгат.
  • Ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтуна тапшырып, жогорулатылган стипендия менен окуп,
  • 1980-жылы ийгиликтүү аяктап чыккан.
  • 1981- жылы Октябрь кыштагындагы ооруканага келип, хирург болуп иштей баштаган.
  • Хирург болуу менен бирге эле,
  • 1982-1988-жылдары кан куюу бөлүмүндө,
  • 1988-жылдан 1998-жылга чейин поликлиникада бөлүм башчы болуп иштеген.
  • 1998-1999-жылдары оорукананын башкы врачы,
  • 1999-жылдан өмүрүнүн акырына чейин, Октябрь Үй-бүлөлүк Медицина Борборунун кеңеш берүү жана дарылоо бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген.
  • 2012-жылы капилет кырсыктан көз жумган.
  • Өз кесибин сүйгөн жана аны менен сыймыктанган мыкты адис эле.
  • Жүздөгөн адамдарга операция жасап, көптөгөн адамдарды өлүмдөн сактап калган.
  • Эмгегинен баар таап, айылдык, райондук, облустук деңгээлдеги бир нече ардак грамоталар менен сыйланган.
  • Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты Сактоонун отличниги наамын алган.
  • Октябрь айыл кеңешинин депутаты болгон.
  • Өзү иштеген Октябрь Үй-бүлөлүк Медицина Борборуна ысмы берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3