Кадырбеков Эшенкул

Википедия дан

Кадырбеков Эшенкул (2.3.1940-ж.т., Каныш-Кыя айылы) - айыл чарба тармагынын көрүнүктүү ишмери, райондун ардактуу атуулу.

1958-жылдан “Чаткал”, “ Каныш-Кыя” совхоздорунда башкы чабан болуп иштеген. “Ленин” (1980), “Эмгек Кызыл Туу” (1975) ордендери, «Эмгектеги каармандыгы үчүн» (1971), “Эмгек ардагери” (1988), СССР Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн 3 күмүш медалы (1977, 1978, 1980) жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6