Кажы-Саз өрөөнү

Википедия дан

Кажы-Саз өрөөнүТескей Алатоонун түндүк капталында.

Кызылкүнгөй тоосунун түндүгүндө кеңдик багытында созулуп жатат. Тоң р-нун аймагында. Уз. 23 км, туурасы 5,6 км. Басымдуу бийикт. 2400–2600 м, жапыз жери 2300 м. Өрөөндүн таманына Тескей Алатоодогу ири бүктөлүүлөрдүн аралыгында тектон. жаракалардын нугунда пайда болгон чакан формадагы ойдуңдар, капталдарына орто ж-а бийик тоолуу начар тилмеленген рельеф мүнөздүү. Өрөөндүн таманы төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон борпоң чөкмө тектерге толгон. Климаты мелүүн континенттик, кургак; июлдун орт. Темп-расы 12°—14°С, январдыкы —4–5°С; жылдык жаан-чачыны 200–250 мм. Өрөөн аркылуу чакан суулар агат. Ландшафтында талаа ж-а шалбаалуу талаа (2500 мге чейин), шалбаалуу токой (2500–2800 мге чейин), субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы, сейрек бетегелүү талаа басымдуу. Өрөөн чарбачылыкта чабынды, жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2