Казакбаев Дайырбек

Википедия дан

Казакбаев Дайырбек — жазуучу, сынчы. Ак-талаа районундагы Жаңы-Талап айылында 1940-жылы 20-июнда туулган. 1958–1960-жж. КМУнун филология факультетинде окуган. 1965-жылы Москвадагы СССР Жазуучулар союзунун алдындагы А.М.Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтун бүтүргөн. 1974-жылы М.В. Ломоносов атындагы МГУнун аспирантурасын бүтүргөн. 1975-жылы философия илимдеринин кандидаттыгына диссертациясын жактаган.
Эмгек жолун 1965-жылы «Кыргызстан пионери» гезитинде бөлүм башчы болуп иштөө менен баштап, 1967-жылдан Кыргызстан ЛКЖС БКнын аппаратында лектор, лектордук топтун башчысы, агитация, пропаганда жана маданий массалык иштер бөлүмүнүн башчысынын орунбасары, 1974-жылдан «Кыргызстан маданияты» гезитинин башкы редакторунун орунбасары, 1985–1988-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун аппаратында проза боюнча адабий кеңешчи, Прозачылар ассоциациясынын вице-президенти, аткаруу комитетинин башчысынын орунбасары, башчысы болуп келген. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын мүчөсү.
1988–1994-жж. Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия институтунда философия жана гуманитардык илимдер кафедрасында ага окутуучу, 1994–2005-жж. И.Арабаев атындагы КМУнун доценти, 2005-жылдан тартып учурда Талас мамлекеттик университетинде коомдук, социалдык илимдер кафедрасынын башчысы.
Чыгармачылыгынын башталышы 1965-жылга туура келет. Биринчи аңгемелер жыйнагы «Мүдөө» 1968-жылы басылып чыккан.
1978-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. Кыргыз Республикасынын «Эл агартуусунун отличниги».
В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССР ЖКнын Грамотасы, ВЛКСМ БКнын жана Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган.

Жарык көргөн чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мүдөө: Аңгемелер жана повесттер. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 140 б.
  • Талаа ырдайт: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1972. – 47 б.
  • Таазим: Аңгемелер жана повесть. – Ф.: Мектеп, 1977. –132 б.
  • Улар үнү: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1980. – 188 б.
  • Tөө эмне үчүн чулук кулак?: Жомоктор. – Ф.: Мектеп, 1982. – 32 б.
  • Айдың көлдүн ак куусу: Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 208 б.
  • Ажыдаар менен төө. Жомок. – Ф.: Мектеп, 1985. – 16 б.
  • Эки тоом жол: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 192 б.
  • Өрттөлгөн өмүр: Драма-повесть, аңгемелер. – Б.: Кыргызстан, 2000. – 140 б.
  • Тайлак-улуттук баатыр: Илимий-публицистикалык, көркөм-ад. чыгарма. – Б.: Кыргызстан, 2001. – 74 б.
  • Чыгыштан чыккан Жетиген: Илимий-публицистика. Эсселер. – Б.: Кыргызстан, 2006.– 90 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Почему у верблюда уши короткие?: Сказки. – Ф.: Мектеп, 1982. – 32 с.
  • Верблюд и змея: Сказка. – Ф.: Мектеп, 1985. – 16 с.
  • Зов среди белого дня: Повести, рассказы. – Ф.: Адабият, 1990. – 232 с.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Токмакова И. Ростик жана Кеша: Повесть.– Ф.: Мектеп, 1978. – 60 б.
  • Тарджеманов Ж. А. Шуктуган: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1986. – 16 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]