Ак-Талаа району

Википедия дан
Ак-талаа району‎»‎ барагынан багытталды)
Ак-Талаа району
Герб
Герб
Өлкө

Кыргызстан

Статусу

областык район

Областка карайт

Нарын облусу

Районго карайт

13 айыл өкмөтү, 19 айыл

Административдик борбор

Баетов

Калкы

34 141 адам[1]

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Убакыт аралыгы

UTC+6

Ак-Талаа районуНарын облусундагы район.

Административдик борбору ― Баетов айылы. .Райондо 13 айыл аймагы бар. 1936-жылдын 2-сентябрында түзүлгөн[2].

География[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ак-Талаа району Ички Теӊир-Тоо, Ортоӊку Нарын өрөөнүндө жайгашкан. Райондун түндүк тарабынан Молдо-Тоо, түштүгүнөн Жаман-Тоо,түштүк  батышынан Фергана тоо тизмеги менен курчалган.

Райондун аймагы деӊиз деӊгээлинен 1170-4737 метр бийиктикте. Климаты кескин континенталдуу: кышы узак (6-7) ай жана суук, кар оор түшөт. Январдын орточо температурасы -25-35 °С, июлдуку +25+30 °С барабар. Жылдык жаан-чачын 200-300 мм. Жер кыртышы негизинен боз жана күрөӊ топурактуу, таштактуу. Ири суулары Нарын жана Ала-Буга. Майда суулары: Жерге-Тал, Коӊорчок, Жаман-Даван Мазар, Терек, Ак-Тал, Куртка ж.б.

Ак-Талаа району түндүктөн түштүккө кара 99 км, чыгыштан батышка карай 107 кмге созулат. Жайлоолору: Арпа, Орто-Сырт, Бычан, Соӊ-Көл.

Ак-Талаа району Нарын областындагы административдик район катары 1936-жылы уюшулган. Чыгыш жагынан Кочкор жана Нарын району, түндүгүнөн Жумгал району, батыштан Чаар-Таш  (Ак-Шыйрак) тоосу аркылуу Тогуз-Торо, түштүгүнөн Байбиче-Тоосу аркылуу Ат-Башы, Кара-Кулжа райондору менен чектешет. Аянты 6,41 миӊ чарчы км[3]

Тарыхый жерлери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Район тарыхый эстеликтерге бай. Алардын катарына б.з.ч. коргондор тобу, «Шырдакбектин чеби», «Чолок —

Коргон»,«Куртка чеби» , «Тайлак баатырдын күмбөзү», «Арап өлгөн» бели,Тоголок молдонун мектеби жана XVI-

IX кылымдарга таандык болгон күмбөздөрүнүн топтому кирет. Соң -Көлдөгү  тарыхый эстеликтер - «Манастын таштулгасы», «Ак-куланын мамысы».

Суулары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айтылуу Соӊ-Көл райондун түндүгүндө жайгашкан. бийик тоо массивинде орун алган уникалдуу Соң-Көл көлү  дениз деӊгээлинен 3016 метр бийиктикте жайгашкан. Аянты 270 чарчы км узундугу 29 км жазылыгы 18 км ге барабар (Кыргызстанда аянты боюнча Ысык -Көлдөн кийинки экинчи көл). Суунун көлөмү 2,64 куб.км., орточо тереӊдиги 9,2 м эӊ тереӊ жери 13,2 м (тундук батышында), көлдүн чыгыш жагы тайыз 4—5 м болуп, түбү тегиз. Соң-Көлгө 18 суу куят. Эӊ ири куймалары Ак -таш, Жаман -Эчки, Өзбек,Кара- Кече, Куртка, Таш-дөбө, Кум-Бел, Кумдуу суулары. Соң -Көлдөн Кажырты суусу агып чыгат. Көлдүн пайда болушу орто эсеп менен 4000 жылга барабар. Суунун температурасы жайында 11—12, кышында 3 градустан ашпайт. Кышында муздун калындыгы 1 мге жетет. Суу агып чыгып тургандыктан суунун денгээли анча өзгөрбөйт. Суунун тунуктугу 7 м тузсуз гидрокарбанаттуу сульфаттуу-кальцийлүү суулардын түрүнө кирет.

Көлдө каӊытыр, линь, кою чаар, пелядь, сига, чир, жилингир балыктары бар. Соң -Көл өрөөнүндө жаныбарлардын өтө сейрек кездешкен түрлөрү тоо теке, илбирс, карышкыр, суур майда кемирүүчүлөрү түрлөрү кездешет. Ошондой эле көпөлөктөрдун өтө сейрек кездешкен түрлөрү бар.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калктын саны ― 34 141 киши (2023-жылдын башына карата)[1]. Калкы негизинен кыргыздар. 30тан ашык уруулардын өкүлдөрү жашайт.

Административдик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Райондо 13 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 19 айыл бар[4]:

Райондун атактуу инсандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]