Мазмунга өтүү

Ала-Буга дарыясы

Википедия — ачык энциклопедия
("Ала-Буга суусу‎"‎ барагынан багытталды)
Ала-Буга суусу
Жерге-Тал жана Кош-Дөбө айылдарынын ортосундагы бөлүгү (май айы)
Жерге-Тал жана Кош-Дөбө айылдарынын ортосундагы бөлүгү (май айы)
Мүнөздөмө
Узундугу 180 км
бассейндин аянты 5 820 км²
Суу чыгымы 31 м³/с
Суу агымы
Аягы Нарын дарыясы
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Нарын облусу
Район Ак-Талаа району

Ала-Буга дарыясы, суусуАк-Талаа районундагы дарыя, Нарын дарыясынын сол куймасы. Узундугу 180 км, алабынын аянты 5820 км2.

Фергана тоо тизмегинин түштүк-чыгыш жана Торугарт кырка тоосунун түндүк капталдарынан башталат. Жогорку бөлүгү Арпа деп аталып, Арпа менен Бычан кошулуп Ала-Буганы түзөт. Арпа өрөөнү аркылуу агып, Ортоңку Нарын өрөөнүнө чыкканда нугу кеңейип, суусу тайыздайт.

Куймалары: Жамандаван (64 км), Коңорчок (39 км), Кашка-Суу (33 км), Кумарык (23 км; оң), Бычан (40 км), Сөөк (45 км), Макмал (41 км), Кара-Суу, Миң-Жылкы, Мынакелди, Кырчын-Булак (сол).

Майда кирип, октябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 31м3/сек; көбү – 124 м3/сек, эң азы – 9,70 м3/сек[1]. Суунун жылдык орточо агымы 903 миллион м³ барабар[2]. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Кош-Дөбө, Коңорчок, Жерге-Тал айылдары жана тарыхый эстелик болгон Шырдакбек сепилинин урандылары жайгашкан[2].

Топоним балыктын атынан пайда болгондугу божомолдонот.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]