Макмал суусу
Көрүнүш
Мүнөздөмө | |
---|---|
Узундугу | 41 км |
бассейндин аянты | 441 км² |
Суу агымы | |
Аягы | Ала-Буга суусу |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Кыргызстан |
Област | Нарын облусу |
Район | Ак-Талаа району |
Макмал суусу – Тогуз-Торо жана Ак-Талаа райондору аркылуу аккан суу, Ала-Буганын сол куймасы. Узундугу 41 км, алабынын аянты 441 км2. Жалгыз-Кыр тоосунун түштүк-чыгыш тарабынан башталат. Өрөөнүнүн таманы түзөң, үчүнчүлүк мезгилдин тоо тектеринен турган чаптардын капталдары тик. Негизинен кар, булак жана жаан-чачын сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 1,8-2,5 м3/сек, көп чыгымы июнь–июлда, азы февраль–мартта байкалат.
Ири куймалары: Караңгы-Токой, Алма, Чоң Таш (сол). Боюнда Макмал кыш. жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7
- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2
- Агымдан макала мисалга Archived 2016-03-07 at the Wayback Machine
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Эркин Тоо гезити, "Кыргыз жергеси" Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine