Эспарцет

Википедия дан
Onobrychis viciifolia.

Эспарцет (лат. Onobrychis) – чанактуулар тукумундагы өсүмдүк уруусу. Көбүнчө көп жылдык чөп. Тамыры боочодой тик ылдый өсүп, 10 мге чейин терең өсөт. Түз сабагынын бийикт. 30-60 см, канаттай жуп жалбырактары сабакка кезектешип жайгашкан. Гүлүнүн кызыл, мала кызыл, сабагынын учунда калемчедей топ гүлдү түзөт. Жер жүзүндө 130 түрү Европада, Азияда, Түндүк жана Түштүк Америкада таралган. Кыргызстанда 9 түрү өрөөндөн тартып бөксө тоолордогу чала чөл, боздөң, кургак боздөң, шалбаа жерлерде, токойдун ачык аймактарында, бадал арасында кездешет.

Э-тин үч түрү: эгилме , кумдак жана кавказ Э. атайы тоют үчүн эгилет. Малга баалуу, жакшы тоют. 100 кг чөптө 22 тоют бирдиги, 3,1 кг сиңимдүү протеин, 6,5 г каротин бар. Кургакчылыкка чыдамдуу, жер тандабай өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]