Таш дөбө көрүстөнү

Википедия дан

Таш дөбө көрүстөнү – Соңкөлдүн түштүк тарабындагы Таш дөбө суусунун оң жана сол жээктеринде жайгашкан эрте темир дооруна таандык көрүстөн топтору. Көрүстөндөр түндүк жана түштүк багытында тизмектешип жайгашкан. Суунун сол тарабында көлөмдүү 9 бейит орун алган. Алардын чоңунун диаметри 19 мге жеткен. Бул көрүстөндөрдү курчап диаметри 3–10 м болгон бейиттер жайгашкан.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.