Мазмунга өтүү

Кош-Дөбө (Ак-Талаа району)

Википедия — ачык энциклопедия
Айыл
Кош-Дөбө
Кош-Дөбө айылы, 2023-жыл
Герб
Герб
Өлкө Кыргызстан
Облус Нарын облусу
Район Ак-Талаа району
Айыл аймагы Кош-Дөбө
Координаттар 41°05′04″ с. ш. 74°15′31″ в. д.HGЯO
Айыл башчы Жыргалбек Маметов
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Расмий тили Кыргыз тили
Калкы 3530 [1] адам (2009)
Улуттук курамы Кыргыздар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996 03537
Почта индекси 722512
Автоунаа коду 05, N, H
Кош-Дөбө (Ак-Талаа району) (Кыргызстан)

Кош-ДөбөКыргызстандын Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы айыл. Ала-Буга айыл аймагынын курамына кирет.

ААББТ коду — 41704 210 820 01 0[2].

Кош-Дөбө айылы 1929-жылы негизделген. Бул айыл жайгашкан өрөөн мурда «Мынакелди» деп аталган. 1929-жылга чейин эл уруу-уруу болуп, ар кайсы кокту-колоттордо чачырап жашаган[3].

Совет бийлиги 1926–1927-жылдары кедей дыйкандарды уюштуруп, «ТОЗ» (жерди ортоктоштуруп иштетүү) жана «Артель» түзүү иштерин баштаган. Ушул мезгилде өрөөндө коммунисттик партиянын жана комсомол уюмдарынын түптөлүшү жүргөн[3].

Алгач айылга 29 түтүн бириктирилип, расмий айыл түзүлгөн. Биринчи айыл башчысы болуп Кыдыралиев Күрөңкөй дайындалган[3].

1932-жылы түтүндүн саны 190го жеткен. 1933-жылы ТОЗ жоюлуп, «Кош-Дөбө» жана «Съезд» колхоздору уюшулган. Революция жеңип бийлик Советтерге тийгенден кийин, ар кайсы жерлерде айылдык кеңештер уюшула баштаган. 1934-жылы «Мыкаачы» айылдык кеңеш уюшулуп, буга Ак-Чийден баштап Кош-Дөбөгө чейин кошулган бир айылдык кеңеш болгон. 1936-жылы Кош-Дөбө айылдык кеңеши болуп түзүлүп, төрагалыгына куланактык Атамкулов, катчылыгына Моңолов шайланган. «Съезд» менен «Кош-Дөбө» колхоздору биригип, «1-Май» колхозу болуп 1940-жылы уюшулуп, «Съездеги» элди Кош-Дөбөгө көчүрүп келген[3].

1937-жылга чейин Ак-Талаа, 1937–1962-жылдарда Тогуз-Торо, 1963-жылдан кайрадан Ак-Талаа районунун карамагында болгон.

Нарын – Макмал жолунун боюнда, райондун борбору Баетов айылынан 90 чакырым түштүк-батышта, Нарын шаарынан 220 чакырым, Балыкчы темир жол бекетинен 420 чакырым, Бишкек шаарынан 580 чакырым аралыкта, деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте жайгашкан. Түштүгүнөн Өзгөн, түштүк-батышынан Сузак, түндүк-батышынан жана түндүгүнөн Тогуз-Торо райондору менен чектешет. Чыгыш тарабынан Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылы менен чектешет. Айыл өкмөтүнүн жалпы аймагы 976 чакырым. Айыл чарбасына жарактуу жери 53 357 га, анын ичинен айдоо аянты – 1450 га[3].

Калкы - 3530 киши.[1]