Кара-Ой (Ак-Талаа району)
| Отурукташкан жай
Кара-Ой
| |||||||||||||||||||
Кара-Ой — Кыргызстандын Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы айыл. Тоголок-Молдо айыл аймагына кирет.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ички Теңир-Тоону мекендеген Кочкор, Жумгал, Кетмен-Төбөгө чейинки аймактар 1864–1865-жылдары Россия империясына каратылган. Үмөталынын карамагындагы сарбагыштар менен саяктарды Осмон датка башкарган. Тогуз-Торолук жана Ак-Талаалык саяктар орус бийлигине баш ийүүдөн баш тартып, эркиндик үчүн күрөшүп келишкен. 1867-жылы Теңир-Тоого полковник Полтарацкий баштаган аскердик жүрүштүн натыйжасында Үмөталы орус бийлигине аргасыз багынган, ал эми Осмон Тайлак уулу багынып берүүдөн баш тарткан.
Тоголок-Молдо айыл аймагынын эли тарыхый жактан Чоң-Арык, Кызыл-Эмчек, Көлмө, Кара-Булуң, Көк-Ой, Кара-Ой деген чакан айылдардан куралган. 1929–1933-жылдары бул айылдарда алгачкы кооперативдер түзүлүп, 1933-жылдан тартып алар колхоздорго айланган. 1954-жылы аймактагы алты чарба ирилештирилип, бирдиктүү бир чарбага бириктирилген.
Географиялык абалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кара-Ой айылы Нарын дарыясынын түндүк жээгинде жайгашкан. Чыгышынан Кызыл-Белес айыл аймагы, батышынан Куртка айыл аймагы, түштүгүнөн Ак-Тал жана Жылан-Арык айыл аймактары менен, ал эми түндүгүнөн Бабык кырка тоолору аркылуу Жумгал району менен чектешет.
Айыл райондун борборунан 48 чакырым, облус борборунан 98 чакырым, Балыкчы темир жол станциясынан 300 чакырым жана республиканын борбору Бишкек шаарынан 450 чакырым аралыкта жайгашкан. Деңиз деңгээлинен бийиктиги түз жерлерде 1850 метрди, тоолуу аймактарында 2450 метрди түзөт.
Калкы жана социалдык турмушу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы — 3062 киши.[1] Тоголок-Молдо айыл аймагынын аймагында негизинен саяк, бугу, тынымсейит жана сарбагыш урууларынын өкүлдөрү отурукташкан.
Айылда төмөнкүдөй социалдык жана чарбалык мекемелер иш алып барат:
- Орто мектеп, бала бакча, китепкана жана клуб;
- Маалымат борбору, дарыкана;
- Ветсервис жана чакан кредиттик айыл банкы;
- Чакан кол өнөрчүлүк устаканасы жана кийим тигүүчү цех;
- Суу пайдалануучулар бирикмеси жана жайыт пайдалануучулар бирикмеси.
Жер ресурстары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Айыл аймагынын жалпы жайыт аянты 19 987 га түзөт (анын ичинен жакынкы жайыт — 10 193 га, ортоңку жайыт — 5689 га, алыскы жайыт — 4105 га). Жалпы айдоо аянты 1730 га барабар.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1 2 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.