Мазмунга өтүү

Жерге-Тал (Ак-Талаа району)

Википедия — ачык энциклопедия
Айыл
Жерге-Тал
Т.Мусаев көчөсү
ӨлкөКыргызстан
ОблусНарын облусу
РайонАк-Талаа району
Айыл аймагы Ала-Буга
Координаттар41°07′46″ с. ш. 74°24′18″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1910
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Расмий тилиКыргыз тили
Калкы585[1] адам (2021)
Улуттук курамыКыргыздар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+996 (үй 3537)
Почта индекси722515
Автоунаа коду05, N, H
Жерге-Тал (Ак-Талаа району) (Кыргызстан)

Жерге-ТалКыргызстандын Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы айыл. Ала-Буга айыл аймагынын курамына кирет.

ААББТ коду — 41704 210 819 02 0[2].

Айыл 1910-жылы түптөлгөн. Айылга калк 1985-жылдан тартып жигердүү отурукташа башташкан. Калктын көпчүлүк бөлүгү Чолок-Кайың айылынан, азыраак бөлүгү Кош-Дөбө айылынын келип отурукташкан[булак?].

Айыл райондун түштүк-батышында, Алабуга дарыясынын оң жээгинде, райондун административдик борбору — Баетов айылынан 67 чакырым алыстыкта жайгашкан. Деңиз деңгээлинен абсолюттук бийиктиги — 2200 м[3].

Климаты кескин континентталдык, кышы суук, карлуу жана жайы салкын. Июль айынын орточо температурасы +22 градус, январь -11. Жаан-чачын орточо 310 мм жаайт[булак?].

АРИСтин «Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору» аркылуу, 2021-жылы 50 орундуу «Аруу-Нур» бала бакчасы курулган. Анын курулушуна 17 399 330 сом каржыланган, бул каражаттын ичинен 16 млн 703 миң сом долбоор тарабынан каржыланса, 696 миң сом өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен жана айылдын жашоочулары тарабынан берилген[4].

жыл2009[5]2014[6]201520202021[1]
адам 400 498 538 582 585
  1. 1 2 Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айылдык аймактардын жана айылдардын калкынын саны (орусча) (XLS). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (2021).
  2. Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору
  3. ПЛАН УПРАВЛЕНИЯ ОКРУЖАЮЩЕЙ И СОЦИАЛЬНОЙ СРЕДОЙ (орусча) (2022). Текшерилген күнү 1 -июнь (кулжа) 2022. Түп булактан архивделген күнү 8 -июнь (кулжа) 2023.
  4. Ак-Талаанын Жерге-Тал айылында бала бакча көйгөйү чечилди (кырг.). Kyrgyzmedia (19 -декабрь (бештин айы) 2021). Текшерилген күнү 4 -июнь (кулжа) 2023.
  5. 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
  6. Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айылдык аймактардын жана айылдардын калкынын саны (орусча) (XLS). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (2014). Түп булактан архивделген күнү 5 -ноябрь (жетинин айы) 2016.