Яшма

Википедия дан

Яшма - кремнийлүү өтө тыгыз чокмо тоо тек; курулушта кеңири колдонулуучу кооз таштардын бири.

Негизинен кварц менен халцедондун өтө майда (1-3 мкм) бүртүкчөлөрүнөн түзүлөт. Кошунду түрүндө гематит, гетит, актинолит, хлорит, слюда ж. б. кездешет.

Составындагы Si02 97,9%. Өңү Кызыл, жашыл, сары, боз, кээде күрөң, кара, агыш, көбүнчө жол-жол же чаар ала. Өтө катуу (Моос шкаласы боюнча 5,5-7). Жакшы жылмаланат. Линза, кабат, катмар түрүндө жатат.

Калыңдыгы ондогон, кээде жүздөгөн мге жетет. Яшмадан кооз зергер буюмдары жасалып, имараттардын керегелери, түркүктөрү капталып, кооздолот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.