Шүкүрбек Бейшеналиев

Википедия дан
Бейшеналиев Шүкүрбек‎»‎ барагынан багытталды)
Шүкүрбек Бейшеналиев
Туулган датасы:

25 тогуздун айы 1928

Туулган жери:

Куртка айылы, Ак-Талаа району, Тянь-Шань облусу, Кыргыз ССРи, СССР

Өлгөн датасы:

2000

Өлгөн жери:

Бишкек , Кыргызстан

Жарандыгы:

СССР желеги СССР Кыргызстан

Ишмердүүлүгү:

жазуучу, драматург

Чыгармачылык жылдары:

19582000

Сыйлыктары:

Кыргыз ССРинин эл жазуучусу

Шүкүрбек Бейшеналиев (1928-2000) – Кыргызстандагы көрүнүктүү жазуучу, драматург, Кыргыз эл жазуучусу, коомдук ишмер. Кыргыз элинин көрүнүктүү прозаиги, драматургу жана балдар жазуучусу катары дүйнөгө таанымал. Анын чыгармалары көптөгөн мамлекеттерде ар кыл тилдерде жарык көргөн.

Өмүр баяны жана чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шүкүрбек Бейшеналиев 1928-жылы Кыргызстандын азыркы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Куртка айылында туулган.

Ш.Бейшеналиевдин балалык чагы Экинчи дүйнөлүк согуштун жылдарына туш келгендиктен, кыйынчылык жагдай-шартка жараша убагынан эрте жетилген курбалдаштары сыяктуу турмушка эрте аралашты.

Толук эмес орто мектепти, башкача айтканда 7-классты бүтөөрү менен эмгек жолун баштоого аргасыз болгон.

1943-жылы Нарын шаарында ачылган алты айлык мугалимдер курсунда окуп, андан соң орто мектепте мугалим, директор болуп иштеген.

Ш.Бейшеналиев 1946-жылы Нарын педагогикалык окуу жайын экстерн бүтүргөн.

Ал 1948-жылы университетинин филология факультетине өтүп, аны 1952-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Ал 1952—53-жылдары СССР Илимдер Академиясынын Кыргызстандагы филиалындагы Тил жана адабият институтунда илимий кызматкердик орунда иштейт.

1953-жылы Ш.Бейшеналиев «Жаш ленинчи» журналына редактор болуп дайындалат.

1954-жылы Кыргызстандагы жаштар уюмунун Борбордук комитетинин секретары болуп шайланган.

1956—59-жылдары «Ленинчил жаш» гезитинин редактору болуп иштеген.

КМУнун филология факультетин, СССР Жазуучулар союзунун алдындагы Жогорку адабий курсту бүткөн.

Мындан кийинки жылдары ал Кыргызстан жазуучулар союзунун секретары, чет өлкөлөр менен достуктун жана маданий байланыштын Кыргызстандагы Коомунун президиумунун төрагасынын орун басары, төрагасы болуп коомдук иштерде жүрдү.

17 жылдай чет өлкөлөр менен достук жана маданий байланыш коомунун жетекчиси кызматтарында иштеген.

Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.

КМШнын Жазуучулар союзунун Эл аралык шериктештигинин башкармасынын жана анын Балдар жана өспүрүмдөр адабияты боюнча Кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкарма мүчөсү, анын алдындагы Балдар жана өспүрүмдөр адабиятынын ассоциациясынын Президенти, коомдук өнөктүктөрдүн демилгелүү катышуучусу болгон.

2000-жылы оорунун айынан келгис сапарга узай берди.
Сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Чыгармачыл, коомдук жана журналисттик ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1941-жылы «Колхозчу» гезитине кабарчы болгон. Ошондон тартып анын макалалары, очерктери, ырлары облустук, республикалык гезиттерге үзгүлтүксүз жарыяланган.

«Чыныгы достук» повестине 1950-жылы республикалык конкурстун биринчи сыйлыгы ыйгарылган.

«Мүйүздүү козу» китеби эл аралык Г.Х.Андерсен атындагы Ардак дипломго татыктуу болду.

Ш.Бейшеналиев драматург катары да белгилүү. Анын «Уядан учкандар», «Бойдоктор», «Кычан», «Тоо койнунда гүл», «Тоо ханышасы», «Дос», «Мейман», «Уста жана шакирттер», «Кайра жашарган өмүр», «Багынбас акын» («Байымбет») пьесалары театрларда коюлган.

Ш.Бейшеналиевдин чыгармалары дүйнөнүн элүүдөн ашык тилине которулган. Ал Л.Н.Толстой, А.П.Чехов, Г.Ибсен, М.Шолохов, К.Федин, М.Айбек, С.Муканов ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Эл достугу» ордени,
  • «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалы,
  • В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы,
  • «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 40 жылдыгы» медалы,
  • «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 50 жылдыгы» медалы.

Ал Кыргыз, Украин өлкөлөрүнүн Жогорку кеңештеринин Ардак Грамоталары менен, ошондой эле Монголия, Бүткүл дүйнөлүк Тынчтыкты коргоо Советинин, Бүткүл Союздук достук коомунун, «Тынчтыкты коргоо ишиндеги салымы үчүн» Ардак грамоталары менен сыйланган.

Ал Монголиянын Ревсомолунун сыйлыгынын лауреаты.

Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.

Ш.Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Кыргыз Республикасынын адабият жана искусствосуна эмгек сиңирген ишмер жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Х чакырылышынын депутаты болуп шайланган көрүнүктүү коомдук ишмер болгон.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Алкыш. - Ф.: Кыргызмамбас, 1953. - 202 б.
  • Демилге. - Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1954. - 100 б.
  • Ак тайлак: Повесть. - Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1955. - 35 б.
  • Кычан: Повесть. - Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. - 243 б.
  • Таалай жолу: Роман. - Ф.: Кыргызмамбас, 1957. - 351 б.
  • Табышмакчы Чынара. - Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. - 30 б.
  • Карлыгач: Аңгемелер, публицистикалык-сатиралык этюддар жана комедия. - Ф.: Кыргызмамбас, 1961. - 203 б.
  • Укук. - Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. - 184 б.
  • Таалай жолу: Роман. - Ф.: Кыргызмамбас, 1962. - 424 б.
  • Кордун тукуму; Солдат махабаты: Повесттер. - Ф.: Кыргызстан, 1965. - 344 б.
  • Мүйүздүү козу. - Ф.: Мектеп, 1965. - 40 б.
  • Кычан: Повесть. - Ф.: Мектеп, 1967. - 244 б.
  • Данакер: Повесттер, аңгемелер жана очерктер. - Ф.: Мектеп, 1969. - 218 б.
  • Урпактар үнү: Роман-публицистика. - Ф.: Кыргызстан, 1969. - 316 б.
  • Даңкка жараша жүк: Роман. - Ф.: Кыргызстан, 1973. - 464 б.
  • Тоо койнундагы гүл: Пьесалар жыйнагы. - Ф.: Кыргызстан, 1975. - 280 б.
  • Аманат: Повесттер. - Ф.: Мектеп, 1976. - 303 б.
  • Тандалган чыгармалар: Роман жана драмалар. - Ф.: Кыргызстан, 1978. - 472 б.
  • Тандалмалар: Повесттер. - Ф.: Мектеп, 1978. - 468 б.
  • Мүйүздүү козу: Аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1980. - 52 б.
  • Болот калем: Роман. - Ф.: Кыргызстан, 1981. - 424 б.
  • Болот калем: Роман. - Ф.: Кыргызстан, 1983. - 534 б.
  • Досума белек: Аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1983. - 53 б.
  • Табышмакчы Чынара: Аңгеме. - Ф.: Мектеп, 1985. - 28 б.
  • Тандалмалар. - Ф.: Кыргызстан, 1987. - 448 б.
  • Тандалмалар: Повесттер. - Ф.: Адабият, 1989. - 560 б.
  • Ала күчүк: Повесттер. - Б.: Адабият, 1991. - 192 б.
  • Жараланбаган жаралуулар: Роман. Тайлак баатыр: Даректүү баян. - Б.: Кыргызстан, 1998. – 384 бет.
  • Тагдыр сырлары: Эскерүүлөр, макалалар, маектер. - Б.: Б-сыз, 1998. - 376 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кычан: Повесть. - М.: Мол. гвардия, 1957. - 103 с.
  • Белый верблюжонок. - М.: Дет. лит., 1958. - 32 с.
  • Путь к счастью: Роман. - М.: Мол. гвардия, 1958. - 185 с.
  • Кычан: Повесть. - М.: Дет. лит., 1959. - 175 с.
  • Чинара: Рассказ – М.: Дет лит., 1960. – 16 с.
  • Кычан: Повесть. - М.: Дет. лит., 1961. - 175 с.
  • Ласточка: Рассказ. - М.: Мол. гвардия, 1962. - 35 с.
  • Когда тебя любят: Пьеса. - М.: ВУОАП, 1963. - 68 с.
  • Благодарность: Повесть. - Ф.: Киргизучпедгиз, 1963. - 199 с.
  • Путь к счастью: Роман. - М.: Мол. гвардия, 1963. - 592 с.
  • Рогатый ягненок: Рассказы. - М.: Дет. лит., 1965.
  • Кычан: Повесть. - М.: Молот, 1967. - 130 с.
  • Любовь солдата: Повесть. - М.: Воениздат, 1967. - 33 с.
  • Сын Сарбая: Повесть. - М.: Дет. лит., 1967. - 119 с.
  • Кычан: Повесть. - М.: Мол. гвардия, 1968. - 143 с.
  • Маленькая всадница: Рассказ. - М.: Дет. лит., 1971. - 47 с.
  • Сыны гор: Повесть. - М.: Воениздат, 1972. - 240 с.
  • Голос наследников: Роман. - М.: Сов. писатель, 1973. - 247 с.
  • Аманат: Повесть. - М.: Дет. лит., 1975 . - 128 с.
  • Испытание славой: Роман. - М.: Сов. писатель, 1976. - 318 с.
  • Сын Сарбая; Аманат: Повести. - М.: Дет. лит., 1978. - 320 с.
  • Кычан: Повесть. - Ф.: Мектеп, 1979. - 176 с.
  • Рогатый ягненок; Бодливый без рожек. Рассказы. - Ф.: Meктеп, 1980. - 52 c.
  • Рогатый ягненок; Бодливый без рожек. - Ф.: Мектеп, 1981. - 52 с.
  • Очарованный наследник: Повести. - Ф.: Мектеп, 1982. - 352 с.
  • Кычан: Повесть. - М.: Мол. гвардия, 1983. - 159 с.
  • Подарок другу: Рассказы. - Ф.: Мектеп, 1984. - 45 с.
  • Стальное перо: Pомaн. - М.: Сов. писателъ, 1985. - 480 с.
  • Загадки Чинары: Рассказы. - Ф.: Мектеп, 1986. - 20 с.
  • Стальное перо: Роман. - М.: Сов. писателъ, 1987. - 477 с.
  • Сын Сарбая; Испытание славой: Роман и повесть. - М.: Худож.лит., 1987. - 543 с.

СССР элдеринин тилдеринде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Белый верблюжонок: Повесть. - Баку: 1958. - 48 с. - азерб.
  • Белый нерблюжонок. - Ашхабад: Туркменгосиздат, 1959. - 30 с. - туркм.
  • Благодарность: Повесть.–Ташкент: Еш гвардия, 1960.–127 с. - өзб.
  • Кычан: Повесть. - Вильнюс: Литгосиздат, 1961. - 175 с. - литов.
  • Белый верблюжонок: Повесть. - Душанбе: Таджгосиздат, 1961. - 30 с.
  • Белый верблюжонок: Повесть. - Кишинев: Картя Молдовеняскэ, 1961. - 31 с. - молд.
  • Белый верблюжонок: Повесть. - Рига: Латвгосиздат, 1962. - 30 с. – латыш.
  • Кычан: Повесть. - Кишинев: Картя Молдовеняскэ, 1963. - 185 с. - молд.
  • Белый верблюжонок: Повесть. - Киев: Детгиз, 1964. - 32 c. - укр.
  • Белый верблюжонок: Повесть. – Ташкент: Еш гвардия, 1964.–30 с. –узб.
  • Кычан: Повесть. - Минск: Беларусь, 1964. – 160 с. – бело
  • Кычан: Повесть. - Рига: Латвгосиздат, 1964. – 132 с. – латыш.
  • Рогатый ягненок: Рассказ. - Баку, 1968. - 30 с. - азерб.
  • Кычан: Повесть. - Баку, 1970. - 132 с. - азерб.
  • Кычан Джакыпов. - Нукус: Каракалпакия, 1970. - 29 с. - каракалп.
  • Ласточка. - Киев: Радяньска Украина, 1971. - 45 с. - укр.
  • Кычан: Повесть. - Ташкент: Еш гвардия, 1972. - 167 с. - узбМаленькая всадница. - Кызыл: Тувин. кн. изд – во, 1972. – 46 с. – тувин.
  • Рогатый ягненок. – Киев: Вэсэлка, 1972. – 122 с. – укр.
  • Кычан: Повесть. – Киев: Бэсэлка, 1973. – 151 с. – укр.
  • Маленькая всадница: Рассказ. – Кишинев: Лумина, 1974. – 44 с. – молд.
  • Рогатый ягненок: Рассказ. – Таллин: Ээсти раамат, 1975. – 49 с. – эст.
  • Сын Сарбая: Повесть. – Рига: Лиесма, 1975. – 277 с. – латыш.
  • Сын Сарбая: Повесть. – Ташкент: Еш гвардия, 1975. – 217 с – узб.
  • Маленькая всадница: Рассказ. – Баку: Гянджлик, 1976. – 52 с. – азерб.
  • Рогатый ягненок: Рассказ. – Душанбе: Маориф, 1976. – 28 с. – тадж.
  • Маленькая всадница: Рассказ. – Ташкент: Еш гвардия, 1977. – 39 с. – узб.
  • Аманат: Повесть. - Рига: Лнссма, 1981. – 168 с. – латыш.
  • Рогатый ягненок. - Алма-Ата: Жалын, 1981. - 128 с. - каз.
  • Аманат: Повесть. – Баку: Гянджлик, 1982. - 133 с. - азерб.
  • Аманат: Повесть. – Минск: Юнацтва, 1982. - 188 с - белорус.
  • Аманат: Повесть. – Вильнюс: Вага, 1982. - 143 с. - литов.
  • Испытание славой. - Киев: Днипро, 1982. – 288 с. - укр.
  • Рогатый ягненок: Рассказ. - Ереван: Советакан грох, 1983. – арм.
  • Кычан: Повесть. – Кишинев: Лит. артистикэ, 1984. – 192 с. – молд.
  • Голос наследников: Роман. – Алма-Ата, Жалын, 1985. – каз.
  • Голос наследников: Роман. – Алма-Ата: Жазушы, 1985. – 270 с. – каз.
  • Горные тюльпаны. - Вильнюс, 1985. - литов.
  • Рогатый ягненок: Рассказ. – Рига: Лиесма, 1985. – 31 с. – латыш.
  • Рогатый ягненок; Бодливый без рожек: Повести. – Баку: Гяндж-лик,1987. – азерб.
  • Рогатый ягненок; Бодливый без рожек: Повести. – Душанбе: Мао-риф, 1987. - 78 с. - тадж.
  • Кычан: Повесть. - Киев: Вэсэлка, 1987. – укр.
  • Рогатый ягненок; Бодливый без рожек: Повести. – Таллин: Ээсти раамат, 1987. эст.
  • Сын Сарбая: Рассказ. – Тбилиси: Накадули, 1987. – 271 с. – груз.

Дүйнө элдеринин тилдеринде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Рогатый ягненок: Рассказы. – М.: Прогресс, 1970. – 23 с. – гуд жарати.
  • To же. – малаялам.
  • Рогатый ягненок: Рассказы. – М.: Прогресс, 1971. – 22 с. – бенгали.
  • Рогатый ягненок: Рассказы. – М.: Прогресс, 1972. – 22 с. – хинди.
  • Рогатый ягненок: Рассказы. – М.: Прогресс, 1973. – 24 с. – араб.
  • Рогатый ягненок: Рассказы. – М.: Прогресс, 1974. – 24 с. – англ.М.:
  • To же. – гуджарати.
  • To же. – бенгали.
  • To же. – перс.
  • Рогатый ягненок: Рассказы. – М.: Прогресс, 1974. – 22 с. – малазийск.
  • To же. – маратхи.
  • To же. – текст парал, на рус, индонез.
  • Рогатый ягненок. – М.: Прогресс, 1980. – 22 с. – каннада
  • To же. – нем.
  • To же. – англ.
  • To же. – телугу
  • Ласточка: Повесть. – М.: ,Сов. писатель, 1985. – англ.
  • Ласточка: Повесть. – М.: Сов. писатель, 1985. – пол.
  • Белый верблюжонок: Рассказ. – Берлин: Киндербухферлаг, 1985. – нем.
  • Рогатый ягненок: Повесть. – М: Сов. писатель, 1985. – фр.
  • Бодливый без рожек: Повесть. – М: Радуга, 1986. – англ.
  • Бодливый без рожек: Повесть. – М.: Радуга, 1986. – исп.
  • Аманат: Повесть. – Варшава: Наша Ксензария, 1987. – пол.

Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. ISBN 978-9967-26-379-6.
  • Андашев, Дилдебек Бектурсунович. Шүкүрбек Бейшеналиевдин чыгармачылык эволюциясы. - Адистиги: 10.01.01 – Кыргыз адабияты. – Бишкек, 2010. – 157 б. - Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясы. Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту. – URL: http://arch.kyrlibnet.kg/ Archived 2022-04-06 at the Wayback Machine uploads/ANDASHEV%20D.B.diss..pdf

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]