Казакова Бейшекан

Википедия дан

Казакова Бейшекан — Кийиз буюмдарынын (шырдак жана шырдамал) чебери. 1951-ж.Аксы районундагы Крупская айылында төрөлгөн. Орто билимдүү. Тестиер чагынан уз аталган Бейшекан абалы сайма саят, өрмөктүнкара терме, кажары терме, беш кеште-үч көркөм түрүн бирдей согуп, кийин кийиз буюмдарынтакай кармоого өтөт. Ал шырдамалында (энедей кийизге ыскыт-милте басып көркөм оюм жаатуу менен пайда болгон кийиз буюм) эки табакчадан колтук оюму жаратат. Анда төрт кош “чыгарммак мүйүздүн” башынан “ачкыч оюму” өзөккө биригет. Мында жээк оюму же “ит куйрук оюму”менен оюму учтары бармак боочуланып кетет. Кара кийиге милтени ак-кызыл жиптен тандайт. Ал эми шырдактарынын жалпы көрүнүшүн сары күрөңдөтүп берет. Мындай жагдай анын терме шалчаларына да шарттуу көрүнүш. Төрт табакчаны бир буюм бетине сыйдырып,анын ар биринде төрт “кочкор мүйүз оюмунун” башынан төрт “ачкыч оюмун” чыгарат. “Аламынчы” ак-кара, сары-кара, араа тиштенген (бычак учуланган) шырдак жээги “жарым кыял оюмунун” же “кош канат оюмунун” элеметтери толук сакталат. Негизи шырдамал менен шырдактагы (алар шырдакты “оймо теке” дешет ) көркөм каражаттар бири бирине абдан Бейшекандын жекече уздук белгисин билдирет.