Казан агрегаты

Википедия дан

Казан агрегаты - отун күйгөндө бөлүнүп чыккан жылуулуктун эсебинен буу же ысык суу алууга ылайыкталган түзүлүштөрдун комплекси

Казан агрегатынын негизги бөлүктөрү: 1) отун күйүүчү очок камерасы; очоктун ичиндеги ысык газ менен анын ички беттеринде жайгашкан суу, буу журуүчү түтүктөр ортосунда нурдук жылуулук алмашуу болгондуктан күйүү продукциясынын температурасы 1000°Сден 130-170°Сге чейин азаят; 2) күйүүдөн бөлүнүп чыккан жылуулукту кабыл алгыч түзүлүш жайгашкан газ жүргүч (буу ысыткыч, суу экономайзери жана аба ысыткыч).

Казан агрегаты атайын каркаска орнотулуп, жылуулук ысырап болбосун үчүн атайын материал менен шыбалат жана изоляцияланат. Ал турбиналарды буу менен жабдуу үчүн жылуулук электр станциясында жана кемелердин казан установкаларында колдонулат; өндүрүштүк жана турак жай имараттарын жылытуучу казандарда буу жана ысык суу алууда пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.