Казан алп

Википедия дан

Казан алп"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Алптардын катарында аты гана аталат (Саякбай Каралаев, 1. 80). Эпосто көпчүлүк жер-суу аттарынын ошол жердик каармандын ысымына ооп кетиши арбын. Чыгыш элдеринин бул аты (фамилиясы) да кичи мекенинин (төрөлгөн шаары, айылы) аты менен аталары белгилүү. Татар, башкырт элдеринин оозеки адабиятында Казан аттуу баатыр, алп көп жолугат. Ошентип, эпостук, К. а-ты Эдил бою тараптан келген дөө деп болжолдоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4