Казан очогу

Википедия дан

Казан очогу - казандагы сууну бууга айландыруу үчүн отун энергиясын жылуулук энергиясына айландырууга ылайыкталган казан установкасынын бөлүгү Отунду күйгүзүү ыкмасына карата Казан очогу катмардуу, факелдуу жана куюн түрүндө болуп бөлүнөт.

Катмардуу Казан очогунда катуу отун астынан аба менен үйлөтүлүп металл торчонун үстүндө күйөт. Мында отундун берилиши, абанын үйлөтүлүшү механикалаштырылган. Өндүрүмдүүлугу 35 r/с. Факелдуу Казан очогунда отко чыдамдуу кирпичтен тургузулган жана ички бети суу жүргүч түтүктөрдөн турган очокто отун берилер замат күйөт. Өндүрүмдүүлүгү 50 т/с. Куюн түрүндөгү Казан очогунда жагылуучу отунду толук күйгүзүүгө мүмкүндүк берүүчү анын цилиндр формасындагы камерасында аба (газ) куюну түзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.