Каз таман

Википедия дан
Каз таман.

Каз таман (лат. Potentilla anserina, L. 1753) — көп жылдык чөп өсүмдүк. Тамыр сабагы жакшы өөрчүгөн. Каз таман ачык нымдуу жерлерде, бадалдардын арасында өсөт. Медицинада тамыр-сабагы жана тамыры колдонулат. Аны күзүндө (августсентябрь) же жазында (мартмай) жыйнап алат. Андан алынган препарат ичегикарындын сезгенүүлөрүн дарылоодо, ангина, оозул болгондо оозду чайкоо жана кан токтотуучу зат катары, ошондой эле түрдүү гинекологиялык ооруларда колдонулат. 20 г кургатылып, майдаланган тамыр-сабагын 0,5 л сууга 10 мин.кайнатып, чыпкалап күнүнө 3 жолу бир кашыктан ичилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8