Кайрагач мунай кени

Википедия дан

Кайрагач мунай кениКыргызстандагы Сүлүктү шаарынан 18 км түндүк тараптагы мунай кени. Кайрагач өрөөнүндө жайгашкан. Жалал-Абад мунай чалгындоо экспедициясынын издөө жана бургулоо иштеринин негизинде 1974-ж. ачылган. Мунай ортоңку палеоген мезгилинде пайда болгон катмарлардын IVб кабаты менен байланышкан. Кабаттын калыңдыгы 1,95 м, узундугу 2,8 км, туурасы 1,3 км, бийиктиги 64 м. Биринчи ачылышында № 7 бургулоо көзөнөгү боюнча нефтинин дебити 90 т/сут, ашыкча басымы 50 кгк/см2ди түзгөн. Кендин мунайы жеңил, аз күкүрттүү, жогорку парафиндүү. Тыгыздыгы -0,864 г/см2. 1997-ж. 1-январга карата мунайдын иштеп чыгаруу запасы С1 категориясы боюнча 38 миң т. 1996-ж. кенден 1,4 миң т мунай алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]