Кайра жаралуу

Википедия дан

Кайра жаралуу, Ренессанс (француз тилинде Renaissance) – Батыш жана Борбордук Европадагы маданий-идеялык өнүгүү доору (Италияда 14-16-кылымдарда, континенттин башка өлкөлөрүндө 15-16-кылымдарда); орто кылым маданиятынан жаңы мезгилге өткөөл этап. Бул мезгил адатта антикалык илим менен искусствонун кайра жаратылышы, Байыркы Грекия маданиятынын тарыхый жаңы кырдаалга жараша белгилүү ченемде кайталанышы, жаңы сапатта өсүп-өнүгүшү катары кабылданат. Түпкүлүгүндө антифеодалдык мааниси бар Ренессанс руханий дүйнөсүнүн айырмалуу белгилерин гуманисттик көз караш, антиклерикалык мазмун, антикалык маданий мураска кайрылуу сыяктуу белгилер түзөт. Кайра жаралуу алгач Италияда пайда болгон. Ал жерде 12-14-кылымдарда Ренессанс кабарчылары катары акын Данте, сүрөтчү Жотто ж. б. чыгышкан. Кайра жаралуу ишмерлеринин чыгармачылыгы адам баласынын дүйнөнү таанып-билүү мүмкүнчүлүктөрүнө, анын акыл-эсинин чексиздигине ишенүү, католиктик схолостиканы жана аскетизмди тануу, четке кагуу сыяктуу сезимдер менен каныктырылган. Чындыктын жана сулуулуктун гармониясын алып жүрүүчүсү, болмуштун эң жогорку башталмасы катары кайрылуу, ааламдын бүгүндүгүн жана мыйзам ченемдүүлүгүн туюу, баамдоо өңдүү сапаттар Ренессанс искусствосуна идеялык тереңдикти, каармандык масштабды ыйгарып турган. Кайра жаралуу маданияты негизинен шаар маданияты формасында жаралып, андагы өндүрүштүн өөрчүү шартында калыптанган. Ал маданият Ренессанс заманынан мурда эле түптөлө баштаса да, кийинки тарыхый этаптарда гана кеңири ачылган айрым социалдык-экономикалык, коомдук-саясий, көркөм-философиялык тенденцияларды, түшүнүктөрдү камтып турган. Бул мезгилде адабият менен искусстводо реализмдин алгачкы элементтери, белгилери көрүнө баштаган. Албетте, ал кезде реализм болмушту чагылтып берүүнүн түрдүү формалары менен бирге жүргөн. Мисалы, адабиятта Рабленин (1494-1553) «Гаргантюра жана Пантагрюэль», Оервантестин (1547-1616) «Дон Кихот» романдарында, Шекспирдин драмаларында антикалык заманга кызыгуу элдик маданиятка кайрылуу, анын айрым үлгүлөрүн пайдалануу менен айкалыштырылган. Архитектура жана сүрөт искусствосунда дүйнөлүк маданиятты байыта турган көркөм жаратмалар пайда болгон. Көркөм искусство дүйнөсүнүн образдуу туундулары, чыгармалары жалпы адамзаттык цивилизациянын өр тартышына, алга адымдашына түрткү берген. Шаарларда коомдук, граждандык имараттар, салтанаттуу маданий сарайлар, музей жайлары салынган. Италияда архитектор Брунеллески, Палладио, Альберти, Францияда Делорм, Лески өз курулуштарын шаңдуу, гармониялуу формалар, каражаттар менен кооздошкон. Көркөм сүрөт өнөрүндө Леонардо да Винчи, Рафаэль, Микеланжело сыяктуу чеберлер чындыктын миң кырдуу касиеттерин толук кандуу чагылдыруу менен мейкиндикти, мезгилди, көлөмдү, өң-түстү түшүрүүнүн ага дейре белгисиз сырларын боёктор жана пластикалыккаражаттар аркылуу беришкен. Кайра жаралуу доорунда маданият менен катар философия илими жаңы проблемаларды өздөштүрүүнүн үстүндө иштеди. Ренессанс мезгилинде маданияттын жана илимдин кээ бир тармактары өз-өз алдынча эмес, биримдикте жашаган. Мисалы, философиянын идеялары философтор эмес сүрөтчүлөр, акындар, окумуштуулар тарабынан өнүктүрүлгөн. Айрыкча грек философторунун эмгектери менен таанышуу чечүүчү роль ойногон. Платон, Аристотелдин мурасы гуманисттик идеялардын бекемделишине чоң түрткү берген. Кайра жаралуу учуру натурфилософиянын (табият философиясы) пайда болушун, тамырлап өсүшүн шарттады. Натурфилософия диний көз караштардан алыс тургандыгы менен айырмаланган. Мында адам өз тагдырын өзү чечкенге, өзүнүн биосоциалдык табиятын чексиз өнүктүрүүгө, тереңдетүүгө жөндөмдүү экендиги айрыкча айкындалат. Ал учурда адамдар китеп бастырууну, компасты, ок-дарыны ойлоп чыгарышкан, эксперименттик табият таанууишин, домна-металлургиялык процессти өздөштүрүүгө жетишкен. Бул өндүрүш менен илимдин эриш-аркак өнүгүшүнө байланышкан. Ушулардын бардыгы адам аң-сезиминин чындыкты чагылтуучу жана жаратуучу кубатын арттырган. Кайра жаралуу доорунун көрүнүктүү философу, карамакаршылыктардын биримдиги жөнүндөгү окуунун автору Николай Кузанскийдин (1401-64) ою боюнча болмуштагы бардык нерселер универсалдуу форма катары каралган дүйнөнүн жаны деген түшүнүккө баш ийип турат. Антикалык жана орто кылымдык космология дүйнөнүн борбору бар деген түшүнүктү изилдеген. Ал түшүнүк боюнча дүйнөнүн чеги бар. Николай Кузанскийдин көз карашында Космостун борбору бул Кудай, андыктан дүйнөнү чексиз, баш-аягы жок деп эсептөөгө болбойт. Ошону менен бирге эле болмушту чеги бар кубулуш катары да кароого болбойт. Бул идеялары менен Кузанский астрономиядагы дүйнө түзүлүшүнүн геоборбордук системасын төгүнгө чыгарган Коперниктин революциялык ачылышына жол салган. Жердин жана адамзаттын Ааламдагы өзгөчөлүү орду жөнүндөгү түшүнүктөрдүн туура эмес экендиги Коперниктин окуусу менен далилденген. Анткени Жерге жана Күнгө окшогон асман телолорунун саны эсеп жеткис экендиги илимий ырасталган. Адамдын ой-санаасынан, максаттарынан багыт алуу Кайра жаралуу дүйнө таанымынын айырмалуу белгилеринен болгон. Эгерде антика философиясынын борборунда табият космос проблемасы турса, Кайра жаралуу заманында алдыңкы планга граждандык турмуш, адам баласынын ишмердиги, жарык дүйнөдө өмүр өтөөнүн бактысы, азап-тозогу сыяктуу маселелер чыккан. Бул мезгилдин филос. ой-жүгүртүүсү антропоцентризм багытына туура келген. Борбордук фигура мында кудай эмес, адам деп таанылган: Кудай бардык заттардын, кубулуштардын, асман-жердин, материалдык жана руханий дүйнөнүн жаратуучусу, ал эми Адам дүйнөнүн борбору, өзөгү. Коом кудай эркинин туундусу, жаратмасы эмес, адам ишмердигинин жемиши, натыйжасы. Адам өз иш-аракетинде эч нерсе менен чектелбеши керек. Кайра жаралуу доору адамдын өзүнөзү аңдап, баамдап билүү жөндөмүнүн жаңы деңгээлге көтөрүлүшү менен мүнөздөлөт. Андыктан так ошол Кайра жаралуу заманы көп кырдуу белгиге, өнөргө, чыг-лык кубатка ээ болгон, зор максаттарды алдыга койгон жана аларды жүзөгө ашыра билген ойчулдарды, ишкерлерди, инсандарды тарыхый майданга алып чыккан. Кайра жаралуу доорунда адабият, искусство, архитектура, философия менен катар саясий жана социалдык ойлор, окуулар, тарбия, билим берүү, анатомия ж. б. сыяктуу илим-билимдин толуп жаткан тармактары пайда болгон жана өнүккөн. Айрыкча табият таануудагы жетишилген ийгиликтер географиялык улуу ачылыштардын натыйжалары катары жашоотурмушка кирген. X. Колумб, Васка да Гама, П. Кабрал, А. Веспуччи, Ф. Магеллан сыяктуу саякатчылардын ачылыштары замандын талаптарынын негизинде жасалган. Натыйжада география, медицина, математика, ботаника, этнография, зоология, геология ж. б. илимдерде жаңы фактылардын, маалыматтардын топтолушуна жана өсүшүнө алып келген. Кайра жаралуу проблемасын, түшүнүгүн талдоого алганда көңүлдө кармай турган маанилүү бир нерсе бар. Айрым илимпоздор Кайра жаралуу түшүнүгүн кеңейтип кароону жактырышат жана аны Батыш Европа (Италия ж. б.) менен чектөөгө каршы пикир айтышат. Мындай көз караштардын жөнү бар, анткени Чыгышты изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде айрым Азия өлкөлөрүнүн (мисалы, 8-12-кылымда Кытайда, 12-13-кылымда Закавказьеде) маданиятында ренессанстык белгилердин бар экендиги ырасталат. Мындай фактылардан алганда Кайра жаралуу доору бүткүл дүйнөлүк тарыхый көрүнүш экендиги талашсыз. Ошентип, Европа өлкөлөрүндө (Италия ж. б.) адеп кадам шилтеген Кайра жаралуу заманы буржуазиянын өнүгө баштаган мезгилине туура келип, гуманизм, адам эркиндиги сыяктуу түшүнүктөрдү камтыды. Ренессанс кубулушу Байыркы Греция маданиятын жөн гана кайталабастан, анын өзгөчөлүктөрүн, элементтерин диалектикалык жаңы бийиктикте, жаңы масштабдарда, жаңы табылгалар менен куралданган абалда өнүктүрдү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]