Кайсери

Кайсери – Түркиянын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Кайсери илинин административдик борбору. Эржияс жанар тоосунун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1050 м бийикте жайгашкан. Калкы 730,3 миң (2008). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар.
Алгачкы тургун жайлар б. з. ч. 3-миң жылдыкта пайда боло баштаган. 1064-ж. селжук султаны Алп-Арслан тарабынан басып алынып, Коний (Рум) султандыгынын маанилүү борборуна айланган. 1243-ж. моңголдор ээлеген, 1515-ж. Осмон империясынын курамына кирген. Шаардын байыркы бөлүгү византия дубалдары (6-кылым) менен курчалган. Борбордук бөлүгүндө бедестан (1497), көптөгөн мечиттер, медреселер, Гевхер-Несибе медициналык борбору, Хунат-хатун комплекси, мавзолейлер, музейлер, университет (1978), жогорку мектеп (1893) ж. б. бар. Машина куруу (самолёт жана автомобилдерге тетиктер, тиричилик техникалары), металлургия, электр-техникалык, тамак-аш, текстиль, жыгаччылык өнөр-жай ишканалары иштейт. Салттуу кол өнөрчүлүк (килем токуу, алтын зер буюмдарды жасоо) өнүккөн. Туризмдин (тоо лыжа спорту, альпинизм, жөө жүрүш, рафтинг) борбору.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5
![]() | ||
---|---|---|
Борбор | Анкара | ![]() |
Шаарлары | Агры • Адана • Адапазары • Адыяман • Айдын • Аксарай • Аланья • Алашехир • Амасья • Анкара • Антакья • Анталья • Ардахан • Артвин • Афьонкарахисар • Байбурт • Балыкесир • Бартын • Батман • Бергама • Биледжик • Бингёль • Битлис • Бодрум • Болу • Бурдур • Бурса • Ван • Газиантеп • Гелиболу • Гиресун • Гюмюшхане • Денизли • ейхан • Диярбакыр • Юзже • Зонгулдак • Измир • Измит • Изник • Искендерун • Йозгат • Кайсери • Карабюк • Караман • Карс • Кастамону • Кахраманмараш • Кемер • Килис • Конья • Кушадасы • Кыркларели • Кыршехир • Кырыккале • Кютахья • Малатья • Манавгат • Маниса • Мардин • Мармарис • Махмутлар • Мерсин • Мугла • Муш • Невшехир • Нигде • Орду • Османие • Ризе • Самсун • Сивас • Сиирт • Синоп • Стамбул • Тарсус • Текирдаг • Токат • Трабзон • Тунжели • Ушак • Фетхие • Хаккяри • Чанаккале • Чанкыры • Чорум • Шанлыурфа • Ширнак • Ыгдыр • Ыспарта • Эдирне • Элязыг • Эрегли • Эрзинжан • Эрзурум • Эскишехир • Ялова |