Кайым айтышуу

Википедия дан

Кайым айтышуу — кыргыз оозеки поэзиясында кеңири учураган айтыш ырларынын бир түрү. Мында ырчылар бири-бирине кезек берип айтышып ырдашат. Кыргыздын төкмө акындарынын өз ара кезектещип ырдаганы кайым айтышууга кирет. Айтыштын бул түрү азыр да жашайт. Үлгүлүү ишкана, чарба же эмгектин новаторлору жөнүндөгү Э. Турсуналиев менен Т. Тыныбековдун, Т. Абдиев менен Үсөнбаевдердин айтышкандарын мисалга келтирүүгө болот. Кайым айтышуу ашкерелөөчү, табышмактуу, тамашалуу жана башка мүнөздө боло берет. Токтогул менен Арзыматтын айтышы кордоо, ашкерелөө максатын көздөсө, Талым кыз менен Көбөктүн айтышы табышмактуу, Токтогул менен Эшмамбеттин сакал жөнүндөгү айтышы тамашалуу мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]