Кайыпов Алибай

Википедия дан

Кайыпов Алибай 1916-жылы 16-Ноябрда азыркы Сузак районуна караштуу Кызыл -Кыя айылында туулган.

  • Сегиз жашынан он эки жашына чейин балдар үйүндө билим алып, 13 жашынан Красный Октябрь колхозунда таразакеч болуп иштей баштайт.
  • 1935-жылы 23-майда Кызыл Армиянын катарына чакырылат.
  • Армияда Казахстандын Кызыл-Ордо деген жеринде кызмат өтөйт.
  • Армиядан кызматын өтөп келгенден кийин, колхоздо мал ферма болуп, 1941-жылга чейин эмгектенет.
  • Улуу Ата Мекендик согуш башталганда, кайрадан армияга чакырылып, Украинанын Харьков шаарында биринчи жолу урушка катышкан.
  • 1945-жылдын баш ченинде, жаракат алат да, армиядан бошотулуп, мекенине кайтып келет.
  • Келгенден кийин, жалган жалаа менен түрмөгө түшүп калып, бирок эки жылдан кийин, акталып чыгып, өзү иштеп кеткен, Красный Октябрь колхозунда жылкычы болуп, пенсияга чыкканга чейин иштеген.
  • 1976-жылы эс алууга чыгып, 2000-жылы 84 жашында каза болгон.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3