Кайып Даң

Википедия дан

Кайып Даң"Манас" эпосунун кейипкери. Калмак кандарынын бири (даң — калмактарда акимдик титул). Манастын аялы Карабөрктүн атасы К. д. Манас менен урушуп колго түшүп, элдешип, кызын Манаска берет да андан наркы окуяларда кыргыздар тарабында болот (Сагымбай Орозбаков, 2. 10, 11, 13, 31, 94, 95, 346). Саякбай Каралаевдин варианты нда Карабөрктүн атасы Кайып кан делет (Саякбай Каралаев, 2. 43).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4