Кайыргүл Урумканова

Википедия дан
Кайыргүл Урумканова
Портрет
Ишмердүүлүк тармагы:

Журналист

Туулган датасы:

19-октябрь, 1977-жылы (44 жаш)

Туулган жери:

Каракол шаары, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан

Жарандыгы:

Кыргызстан желеги Кыргызстан

Сайт:

www.govori.tv

Урумканова Кайыргүл Орозбаевна (1977-жылы 19-октябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн) - журналист, “Govori.TV” аттуу Кыргызстан дагы биринчи интернет телевидениенин негиздөөчүсү[1], Кыргызстан Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) экс-башкы директору, Кыргыз телеграф агенттигинин (КырТАГ) экс-башкы директору[2].

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кайыргүл Урумканова 1977-жылы 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган. 1999-жылы Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин чет элдик факультетин “англис тили мугалими” адистиги боюнча аяктаган. 3-курста жергиликтүү “Экологиялык жаштар телевидениесине” (ЭЖТВ) кастингден өтүп, 1998-жылдан бери берүүлөрдүн биринде алып баруучу болуп иштей баштаган. Ошентип Кайыргүл Урумканованын журналисттик жолу башталган. Андан соң университетти аяктагандан кийин дагы эки жыл ЭЖТВ телеканалында жаңылыктар кызматынын редактору жана диктору болуп иштеген.

2000-жылы Бишкекке көчүп келип, “Пирамида” телеканалынын кабарчысы болуп, ал жерде 2005-жылга чейин иштеген. “Пирамидада” иштеген жылдары Кайыргүл Урумканова редакторлук менен катар парламенттик кабарчы болууга да жетишкен.

2005-жылдагы “Жоогазын ыңкылабынан” кийин Кайыргүл Урумканова НТС телеканалында атайын кабарчы болуп иштей баштаган. Ал ошондой эле “Рецидив” программасын алып барган. Алндан соң “Бешинчи канал” компаниясында иштеп, “Биздин эл” аттуу өзүнүн автордук программасын жараткан.

2009-жылдын февраль айынан ноябрь айына чейин КР Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК), азыркы КТРКнын башкы директорунун орун басары болуп иштеген. Ал эми 2009-жылдын ноябрь айынан тарта УТРКнын башкы директору болуп дайындалган. Бирок 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин ал кызматтан алынган.

2010-жылдын аягында Кыргыз телеграф агенттигине (КырТАГ) башкы редактор болуп иштөөгө чакырылып, көп өтпөй башкы директор болуп дайындалган. Аталган агенттикте 5 жыл иштеген.

2016-жылдын апрелинде Өмүрбек Текебаевге таандык оппозициялык “Сентябрь” телеканалы ачылган. Каналга жетекчи катары Кайыргүл Урумканова чакырылган[3]. Урумканованын жетекчилиги астында канал көрүүчүлөрдүн кеңири аудиториясын топтой алган. Бирок 2018-жылдын 22-августунда Биринчи Май райондук соту оппозициялык маанайдагы “Сентябрь” телеканалынын берүүлөрүнө “экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таркаткан” деген негизде тыюу салган. Телеканал “Жалбырак ТВ” болуп өзгөрүп, интернеттен чыга баштаган[4]. Каналдын жабылышы узакка созулган соттук териштирүүлөр менен коштолгон.

2018-жылы Урумканова өзүнүн “Govori.TV” деп аталган эксклюзивдүү медиа долбоорун ачкан, ал ушул күнгө чейин каналдын башкы директору болуп иштеп келатат.

Govori.TV[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Govori.TV – көз карандысыз интернет-басылма, анын базасында Кыргызстанда биринчи интернет-телевидение ачылган. Баштапкы каражатты Европанын демократияны колдоо фонду бөлүп берген. “Govori.TV” 3 жылдык ишмердүүлүгүнүн натыйжасында бир нече платформаларга, анын ичинде YouTube каналына чыгып, миңдеген көрүүчүлөрдү топтой алган мультимедиялык маалымат агенттигине айланды. www.govori.tv сайтынын базасында обого чыккан телеканал эксклюзивдүү ток-шоуларды, иликтөөлөрдү, талкууларды, маектерди жана репортаждарды көрсөтөт. Басылманын сайтынан ошондой эле аналитикалык материалдарды, лонгриддерди, инфографикаларды жана акыркы жаңылыктарды табууга болот[3].

Сыйлыктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кайыргүл Урумканова менен Нурланбек уулу Нурбек Борбор Азия өлкөлөрүндөгү MediaCAMP Award аттуу журналистика боюнча биринчи конкурстун жеңүүчүлөрү болушкан. “Бийлик жана коом” номинациясында биринчи орун “Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди куткаруу операциясы. Бул кантип ишке ашкан?” деп аталган журналисттик иликтөөсү үчүн ыйгарылган.[5]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 2 -февраль (бирдин айы) 2022. Түп булактан архивделген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2022.
  2. https://centrasia.org/person2.php?st=1257526966
  3. 3.0 3.1 архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 2 -февраль (бирдин айы) 2022. Түп булактан архивделген күнү 2 -февраль (бирдин айы) 2022.
  4. https://rus.azattyk.org/a/28700369.html
  5. //https://internews.kg/glavnye-novosti/mediacamp-fest-2019-itogi-i-pobediteli/