Кайырмак салуу

Википедия дан

Кайырмак салуу - балык кармоо ыкмасы.

Мунун ар кандай ыкмасы (калкыма, спиннинг, чөгөрмө кайырмак ж. б.) колдонулат. Кайырмакка ар кыл курт-кумурска, чымын-чиркей, тирүү балык, ошондой эле нан, камыр, буурчак, балыр ж. б. балыкка «жем» катары сайылат. Балыкчылар мамлекеттик органдар бекиткен эрежени сактоо менен көл, деңиз, көлмө, дарыя ж. б-дан (коруктан сырткары) Кайырмак салуу менен балык кармоого укуктуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.