Кайыңды, Панфилов району

Википедия дан

Кайыңды, Панфилов районуЧүй облусунун Панфилов районундагы шаарча (1934-жылдан), райондун борбору. Чүй өрөөнүндөгү Чоң Кайыңды суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 860 м бийикте жайгашкан. Бишкек шаарынан 88 км чыгыш тарапта. Кара-Балта темир жол бекетинен 20 км. Шаарча аркылуу Чалдыбар – Бишкек – Балыкчы темир жол өтөт.

Кыштак катары 1917-ж. негизделген. Калкы 7,3 миң (2009). «Кайыңды кант», «Кайыфы кабель заводу», «Кайыңды эт комбпнаты» АКтары, кыш заводу, «Шоола» жоопкерчилиги чектелген коому пштейт. Шаарчада 3 орто мектеп, 6 китепкана, клуб, маданият үйү бар. Оорукана, үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тамактануу жайлары, ресторан, мончо, сауналар иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго обелиск тургузулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]