Кайыңды-Булак

Википедия дан
Кайыңды-Булак
Мүнөздөмө
Узундугу 36 км
бассейндин аянты 240 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Ош облусу
Район Кара-Кулжа району

Кайыңды-БулакКара-Кулжа районундагы суу. Алайкуу кырка тоосунун түндүк капталынан башталат. Узундугу 36 км, алабынын аянты 240 км2. Тардын жогорку агымы Алайкууга сол жактан куят. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3100 м. Башталышы Кыздар деп аталат. Өрөөнү карагай токойлуу. Кайыңды-Булакка оң жактан 6 суу куят. Жылдык орточо чыгымы 1,33 м3/сек, эң чоң чыгымы июнь-июлда, эң азы мартта байкалат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Кугай кыштоосу жана Кайың-Талаа кыш. жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]