Кайыңды суусу, Манас району

Википедия дан
Кайыңды суусу
Мүнөздөмө
Узундугу 43 км
бассейндин аянты 282 км²
Суу агымы
Аягы Талас дарыясы
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Талас облусу
Район Манас району

Кайыңды суусу, Манас району, Чоң Кайыңды, Үлкөн Кайыңды – Манас районундагы суу. Талас дарыясынын алабына кирет. Узундугу 43 км, алабынын аянты 282 км2. Агымы Чеч-Дөбө кыштагынан 8 км түндүк-батыштан үзүлөт. Кыргыз Ала-Тоосунун батыш бөлүгүнүн түштүк капталынан, айрым куймалары Эчкили-Тоодон агып түшөт. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1950 м. Жалпы узундугу 456 км болгон 184 куймасы бар; негизгилери Кичи Кайыңды (20 км; алабынын аянты 79 км2), Сөгөт (15 км; 26 км2), Кара-Арча (14 км; 60 км2). Кар (90%) жана жамгыр (10%) сууларынан куралат. Марттан июлга чейин ташкындап, август-февралда тартылат. Көп жылдык орточо чыгымы 0,85 м3/сек. Суусу мол; апрель-май айларынын орточо чыгымы 3,0 м3/сек; суусу ноябрь-февраль айларында тартылат (0,15-0,25 м3/сек). К-дан 1,65 м3/сек суу өткөрүүчү 6 сугат каналы чыгарылган; негизгилери: Акпай, Кырк-Казык. Өрөөнүнөн Кайыңды, Чеч-Дөбө, Покровка кыштактары орун алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]