Кайыңды өрөөнү

Википедия дан

Кайыңды өрөөнүБорбордук Теңир-Тоодо. Эңилчек, Ат-Жайлоо жана Кайыңды кырка тоолорунун аралыгында чыгыштан батышка 75 кмге созулуп жатат. Ак-Суу районунун аймагында жайгашкан. Туурасы 5 км. Аянты 599 км2. Эң бийик жери 5420 м. Жапыз жери 2100 м. Рельефи төртүнчүлүк мезгилдин ортоңку бөлүгүндөгү байыркы мөңгүнүн жылышынан калыптанган тепши сымал (трог), орто жери жайык. Өрөөндүн капталдары кыска, кууш жылгалуу. Азыркы учурда эрозиялык процесстер ургаалдуу жүрүүдө. Негизинен палеозойдун кристаллдык жана аны жиреп чыккан интрузия тектеринен турат. Ортоңку бөлүгүндө олигоцен-миоцендин кызыл түстүү конгломераттары жер бетине чыгып турат. Климаты континенттик, январдын орточо температурасы -16...-17°С, июлдуку 1011°С. Жылдык жаан-чачыны 250-300 мм. Өрөөндүн жогорку бөлүгү.

Өрөөндөгү негизги суунун алабына таандык 73 мөңгүнүн жалпы аянты 158 км2, алардын эң ириси Кайыңды (узундугу 25,8 км, аянты 107,4 км2). Өрөөн аркылуу Кайыңды суусу (куймалары: Ат-Жайлоо, Карагатты) агат. Тескейине токойлуу шалбаа, субальп, альп жана нивалдык-гляциалдык алкактар мүнөздүү. Суу бойлой кайың, ар кыл бадал өсөт. Карагай токою ортоңку бөлүгүндө жана Үч-Чат тоолорунун түндүк капталдарында кездешет. Кышкы жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]