Кайың-Талаа, Кара-Кулжа району

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кайың-Талаа, Кара-Кулжа районуОш облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак. Кызыл-Жар айыл округуна караштуу. Алайкуу өрөөнүндөгү Көгарт суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 2120 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 107 км түштүк-чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 195 км. Калкы 1267 (2009); негизинен мал менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. Чек арачы А. Сидровго эстелик тургузулган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]