Какеев, Аскар
Бул баракты Какеев Аскар Чукутаевич менен бириктирүү сунушталып жатат. Себебин түшүндүрүү жана талкуу — Уикипедия:Бириктирүүгө/16 Ноябрь (Жетинин айы) 2018 барагында.
Талкуу бир жумага созулат (же андан көбүрөөк). Талкуунун башталыш күнү — 2018-11-16. Эгер талкуу талап кылынбаса, башка калыптарды колдонуңуз. Талкуунун жыйынтыгы чыкмайынча бул калыпты өчүрбөңүз. |
Какеев Аскар (1935-жылы 10-декабрда төрөлгөн, Чүй облусу, Чүй району, Кегети айылы - 2021-жылы 25-апрелде Бишкекте каза болгон) – философия илимдеринин доктору (1991), профессор, (1992). Кыргызтандын УИАнын академиги (1993). 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетин бүтүргөн.
Иштеген иштери[оңдоо | булагын оңдоо]
1958–60-жылы Кыргызстандын ички иштер министрлигинин архив фондусунда микрофото көчүрмө лабораториясында улук илимий кызматкер болуп иштеген.
1960–63-жылы Кыргызстан ИАнын Философия жана укук институтда аспиранты, 1963-жылдан ошол эле институнда улук илимдер кызматкер.
1968-жылдан Кыргыз мамлекеттин айыл чарба институнда философия кафедрасынын башчысы. 1980-жылдан ушул эле институтта партия комитетинин катчысы.
1984–88-жылы Кыргызстан Компартия БКнын илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн башчысына басар.
1989-жылдан Кыргызстан ИАнын Философия жана укук институнун (1992-жылдан Философия институ) директору.
1992-жылдан декабрынан Кыргыз Республиканын президенттик аппаратынын жетекчиси – мамлекеттик катчы.
1993-жылдан Кыргыз Республиканын элге билим берүү министри.
2000-2005-жж. Жусуп Баласагын атындагу КУУнун ректору, Кыргыз Республиканын Президентинин кеңешчиси болгон.
2005-жылдан Б.Ельцин атындагы Кыргыз Орус славян университетинде кафедра башчысы болгон.
Ал 2021-жылы 25-апрелде Бишкекте каза болгон. Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилген.
Эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыргыздын илимий иштери кыргыз элинин философиялык ой-пикир, тарыхын изилдөөгө арналган. 40тан ашуун илимий эмгектери (ошондой эле 5 монография) бар. “Ардак Белгиси” ордени жана медалдар менен сыйланган. Кыргыз Республиканын элге билим берүүсүнүн отличниги.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8