Каккуланын изи

Википедия дан

Каккуланын Изи, Аккуланын изи — казак элинде (Чыгыш Казакстан облусу) Манас жөнүндө төмөнкүдөй уламыш бар. Токрау өзөнүнүн аймагында көчүп жүргөн кыргыздар (казактар — ред.) Эр-Көкчө деген адамдын Эр-Манас аттуу уулу болгон. Кобландынын минген аты Тайбуурул, Манастын минген аты Каккула ат (Аккула ат) деп аталат. Жергиликтүү эл Токрау өрөөнүндө Каккула аттын турган жеринде анын туяктарынын издери сакталган сыяктуу көрсөтүшөт. Каккула ат Бегазы тоосунун этегинде туруп алып, анын чокусундагы чөптү отточу экен дешет. Бегазы тоосу ыйык (касиеттүү) деп эсептелинет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4