Кал

Википедия дан

Кал (мең) - теринин өөрчүү кемтиги.

Ал тубаса же кийин пайда болушу мүмкүн; кан тамырлуу, пигменттүү (өтө кара түстө) жана сөөл сымал болушу ыктымал. Пигменттүү Кал пигменти бар тери клеткаларынан жана тери нервдерин каптап турган кабыкчанын клеткаларынан пайда болот, түрдүү түзүлүштө жана чоңдукта, бети жылмакай же сөөл сымал, түсү күрөң, кээде үстүнө кыл өсөт. Кан тамырлуу Кал тери кан тамырларынын күчөп, иретсиз өсүшүнөн пайда болуп, ачык кызыл, кара көк, кызгылт көк түстө, түрдүү өлчөмдө болот. Түйүндөргө окшоп, теринин деңгээлинен көтөрүлүп турат, бети текши эмес, кээде жайылып өсүп, дененин көп жерине таркап кетет. Сөөл сымал Кал териден көтөрүлүп турат, өңү - кара күрөң. Аны ар кандай өйкөлүү, дүүлүгүүлөрдөн, күндүн нурунан сактоо керек, эгерде сезгенип көлөмү чоңоё баштаса, түсү өзгөрсө тезинен врачка кайрылуу зарыл. Калды дарылоону же жоготууну врач-онколог чечет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8