Калай рудалары

Википедия дан

Калай рудалары - составында экономикалык жактан казып алууга арзырлык өлчөмдө калай металлы бар минерал заттардын жаратылыштагы чогундусу.

Табиятта калайдын 18 минералы белгилүү, бирок анын экос касситерит жана станнин гана өнөр жайлык маанидеги концентрациясын пайда кылат. Алар рудада кристалл же кристаллсыз эле ныкталган түрдө болот.

Калай рудаларынын кендери алгачкы (коренные) жана кен чачындысы (россыпь) болуп 2 топко бөлүнөт.

Алгачкы кендер пайда болуу шартына жараша пегматит, скарн, альбитит, грейзен, гидротерм кендерине ажыратылат. Калай рудаларынын өнөр жайлык кендери боюнча көптөгөн жиктелиши (классификациясы) бар.

Алардан айрыкча С. С. Смирнов 1937-ж., кийин О. Д. Левицкий жана Е. А. Редкевич тарабынан такталган жиктелиштин мааниси чоң. Азыркы учурда В. И. Смирнов (1955) жана М. П. Материковдун (1974) көпчүлүктүн колдоосуна алынган жиктелиши боюнча минералогия-геохимиялык составына карай Калай рудаларынын кендери силикат-кварц, силикат-карбонат жана силикат-сульфид кендери болуп 3 топко, ошондой эле башка касиеттерине жараша бир нече генетикалык типтер менен жакшы эрип, гидролизденет. Эритме руда формацияларына бөлүнөт

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.