Каламбур

Википедия дан

Каламбур (фр.— сөз оюну) — маанилери жагынан башка-башка, бирок айтылышы жана жазылышы боюнча бирдей эле же жакын турган сөздөрдүн, сөз айкалыштарынын тыбыштык окшоштугуна, үндөштүгүнө негизделип курулуучу стилдик ыкма. Каламбур өнөрү түрк элдеринин (мисалы, өзбек, уйгур, түркмөн, азербайжан) оозеки, айрыкча классикалык жазма поэзиясында кеңири тараган. Кыргыз поэзиясында айрым учурларда гана (көбүнчө балдар фольклорунда) кездешет. Мисалы, «төлдүн башы куба кой, жаныбарым тура кой» (А. Осмонов «Кой төлдөтүү»). Бул каламбурлук же омонимдик рифма деп аталат. Каламбур көркөм текстте күлкү туудуруу, куудулдануу, тууроо жана башка максаттарда да пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]