Калбатоо, тоо

Википедия дан

Калбатоо, тоо – Талас Ала-Тоосунун түндүк тармагы. Бешташ жана Калба сууларынын (Таластын сол куймалары) аралыгында, түштүктөн түндүккө карай 29 кмге созулуп жатат. Туурасы 14 км. Орточо бийиктиги 3400 м, эң бийик жери 4146 м (Атчыкпас чокусу). тоо тик аскалуу, айрым жерлери мөңгүлүү, батыш жана чыгыш капталдары тик, түндүгү адырлуу жапыз тоолорго өтүп, Талас өрөөнүн карай жантайыңкы. Талаа (2200 мге чейин), шалбаалуу талаа (2200–2400 м), шалбаа жана токой-бадалдуу шалбаа (2400–3000 м), субальп жана альп шалбаасы, шалбаалуу талаа (3000– 3600 м), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Көк карагайлуу (пихта) токойлордун ири массивдери бар. Чарбада жайыт, чабынды катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]