Калбек уулу Жумагул

Википедия дан

Калбек уулу Жумагул (1889, Ноокат району, Жар-Коргон айылы — өлгөн жылы белгисиз) — семетейчи. Улукатын уруусунан (мунгуш). К. “Семетейди” Борболдой Жетикул уулунан отуз жашында үйрөнгөн. К. Мифтаков К-тин “Семетейинин” көп жери 1925-ж. араб тамгасы менен басылган Тыныбек жомокчунун “Семетейине” окшоштугун белгилеген. Чынында К-тин айтуусундагы үзүндү айрым окуяларынын чиелениши жана образдарынын чечилиши жагынан Тыныбек жомокчунун “Семетейине” үндөшүп турат. Анын айтуусундагы “Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү” үзүндүсү лира-эпостук мүнөзгө ээ, бүлө куруу укугуна жетишүү идеясын даңазалайт.

“Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү” эпизоду салт боюнча ата-энеси Семетейге бел куда болуп койгон айдай сулуу Айчүрөктү күч менен олжолоп тартып алмакчы болгон Манастын кыйыр тууганы Чынкожо жана жедигерлердин баатыры Толтой биргелешип кол курап келип, кыздын атасы Акундун элин камайт. Семетей менен Айчүрөктүн сүйүү мамилелери мына ошол Чынкожо менен Толтойдун Акункандын элин курчап кирген мезгилинен тартып көрсөтүлөт. Акылы менен келбети төп келишкен Айчүрөк эрдемсиген бирөөнүн олжолоп алган жары болгусу келбейт. Элине бүлүк салып, каптап келген Чынкожо, Толтойду акыл-айла менен кырк күн мөөнөт сурап, тойго камынууга токтотот. Айчүрөк Семетейди издеп, ак куу кебин кийип учуп жөнөйт. Анын учар учуру жайчылык өнөрү менен байланыштырылат: “Жаканын баары жамгырлап, Бөксөнүн башы мөндүрлөп, шүүдүрүм, шамал жүргүзүп, Алты сай мөндүр куйдуруп, Күн жаап ачылат” (Кол жазмалар фондусу, 176инв., 80-б.). Ал кулак угуп, көз көрбөгөн жерлерден учуп, алптардын баарын сынап отуруп, Опол-Тоону айланып учуп өтүп, ак сакал болуп калган Коңурбайды көрөт. “Буга тийип мен алсам, Качып барып кара бет Карыга тийди дээр бекен” (Кол жазмалар фондусу, 176-инв., 82-б.), — деп аны сынап өтөт да, жер соорусу Таласка келет. Айчүрөк үчүн ата салтын сактоо шылтоо гана, негизгиси сүйгөн теңин издеп табуу. Бул максатты жүзөгө ашыруу үчүн Айчүрөк түрдүү кордоолорду көтөрүүгө аргасыз болот. Чыгармада Семетейдин аялы Чачыкей жүрүш-турушу, адамдык сапаты, аялзаттык мамилеси боюнча Айчүрөккө карама-каршы коюлган. Ага карата “эрке катын” деген эпитет колдонулат.

Эр Толтойдун айынан,

Чынкожонун дартынан

Журтума бузук салгандан

Качып чыктым мен өзүм,

Эр Семеңдей баатырың

Эсен-аман барбы дейт.

Толтойго бузук салабы,

Же антташкан жарын алдырып,

Же намысы жок балабы

Же кылган иши чалабы (Кол жазмалар фондусу, 176-инв., 84-б.), — деп Айчүрөк эрке катын Чачыкейди жолунан тосуп жолугат, жалынат. Күнүлөшү катары кордолгон Айчүрөк Семетейге өзүн тааныштыруу максатын көздөп салттык үч шартын коёт. Ошондо Чачыкей сулуулук келбети, акылмандыгы жагынан өзүнөн жогору турган Айчүрөктү кандай гана болбосун Семетейге алдырбоонун аракетин жасайт, ар ТҮРДҮҮ айла-амал колдонот. Бирок, жайчы жана сыйкырчы катары сүрөттөлгөн Айчүрөк кубулуп кетүүгө да жөндөмдүү. “Айчүрөктү карачы, Коргошун болуп көйкөлүп, Сымап болуп суюлуп. Чачыкейдин колунан, Чыгып кетти кубулуп” (Кол жазмалар фондусу, 176-инв., 85-86-б.), ал ак куу болуп кубулуп, куш салып сейилде жүргөн Семетейдин Акшумкарын алып кетет. Белгисиз жерден учуп келип “сыр” көрсөткөн кереметтүү кыздын кабарын уккандан тартып Семетейдин тынчы кетет. “Калк атасы Бакай кан, Эл атасы Бакай кан” (Кол жазмалар фондусу, 176-инв., 97-б.) менен кеңешет. Атасы Манастын Акункан менен бел куда болгону, Бээжинде Коңурбайдын жылкысын тийип алганы, чоң Ормондун чоң үйүн айбалкалап бузганы жөнүндө маалымат алат. Бакай атаң үч өлүп, үч тирилген дейт (Кол жазмалар фондусу, 176-инв., 99-б.). Жашым токсондо, карыдым, арыдым, алыска баралбайм. Акункандын шаарына 80 күндө жетесиң деп жол эсебин айтат. Кыздын төгүн эмесин, шумкарынын жоголушунун себебин билген Семетей Айчүрөктү издеп ат арытып Үргөнч суусуна келет. Суунун ары жагында оромпой тээп ойноп жүргөн отуз келин, отуз кыздын жөнжайын билип кел десе, “Ат үстүндө зор элем, Келин, кызга жок элем, Күлчоро барсын”, — деп айтат (Кол жазмалар фондусу, 176-инв., 105-б.) Канчоро. Күлчоро Тайбуурулду минип, Үргөнч суусун кечип, чалгындап келет. Киргилденип ташкындаган Үргөнчтү Семетей өзү кечип жатып шаштысы кеткенде:

Кайда кудай дечү эле,

Кудай дебес Семетей.

Эми тооба деди го.

Суунун пири Илияс

Азыр акең жар болуп,

Ошол жерде бар болуп,

Семетейди жылоосунан алды дейт

(Кол жазмалар фондусу, 176-инв., 114-б.).

Суунун пири Илиястын колдоосу менен Үргөнчтөн өткөн Семетей Айчүрөккө келет. Бирин-бири көрөр замат жактырышат. Экөөнүн сүйүүсү — сырткы келбет-сымбаты менен ички акыл-эс адамдык сапаты жагынан бир-бирине төп келишкен баатыр жигит, акылман кыздын сүйүүсү. Ал экөөнүн турмуш курушу да бөтөнчө. Салт боюнча күйөө күйөөлөп келгенде колукту болучу кыз күйөөнүн алдынан тосуп чыкпайт. Ал эми Айчүрөк болсо бири-биринин күчүн сынашкан теңдеш баатыр катары Семетейди күтүп алдынан тосуп чыгат. Эли Толтой менен Чынкожодон чабылганы жаткан Акун кандын шаарына келип, Семетей душманга каршы аттанат. Ээликкен душман жеңилет. Семетей менен Айчүрөк баш кошуп, Акун чоң той өткөрүп, жерине узатат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4