Калбердиев Абдилазиз Рахманбердиевич

Википедия дан
Жалпы маалымат
Аты-жөнү: Калбердиев Абдилазиз Рахманбердиевич
Туулган жылы: 1979-жылы 29-сентябрь
Туулган жери: Өзгөн районунун Жээренчи айылы
Жарандыгы: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Иштеген жери: Ош мамлекеттик университети, Теология факультети
Илимий даражасы  : «Дин таануу» адистиги боюнча философия доктору (PhD), доцент
Илимий наамы: доцент

Калбердиев Абдилазиз Рахманбердиевич 1979-жылдын 29-сентябрында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жээренчи айылында туулган. Мектеп босогосун 1986-жылы аттап, 1996-жылы аяктаган. 1997-жылы Ош мамлекеттик университетинин теология факультетине тапшырып, аны 2002-жылы артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Ошол эле жылы Анкара университети социалдык илимдер институтунда ислам теологиясы (калам) предмети боюнча магистратурага баштап, 2004-жылы атактуу татар жадидчилерден бири болгон «Муса Жарулла Бигиевдин теологиялык көз караштары» аттуу темада магистратуралык ишин жактаган. 2004-жылы ошол эле университетте докторантура прогаммасына катталып, 2010-жылы «Өтмүштөн учурга кыргыздарда Аллах түшүнүгү» аттуу темадагы эмгеги менен докторантуралык ишин түрк тилинде ийгиликтүү жактаган. 2011-жылдын март айынан баштап Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде эмгектенип келүүдө. Үй-бүлөлүү, эки уул жана эки кыздын атасы.

Калбердиев Абдилазиз Рахманбердиевичтин төмөндөгүдө эмгектери бар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Монографиялары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1. Кыргыздардын дүйнө таанымында Аллах түшүнүгү. 1-басылышы. - Ош, 2013. 2-басылышы. – Бишкек, 2016.
  • 2. Ислам (Ыйман, ибадат жана ахлак). – Ош, 2013. (авторлор)
  • 3. Калам: Ахли сүннөт теологиясы. Бишкек, 2016.
  • 4. Ахлу сүннөттүн залкар аалымы Имам Матуриди жана матуридилик. Бишкек, 2016.

Кыргызчага которгон эмгектери:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1. Түркия Дин Иштери Башкармалыгынын чыгармаларынан «Хадистердин негизинде ислам» (Hadislerle İslam) аттуу эмгегинин 1-тому кыргызчага которулуп, 2 жана 6-томдору редакцияланды.
  • 2. Түркия Дин Иштери Башкармалыгынын төрагасы Мехмет Гөрмездин «Sünnet ve Hadisi Anlamada ve Yorumlamada Metodoloji Sorunu» (Сүннөт менен хадисти түшүнүүдө жана чечмелөөдө методологиялык проблема) кыргызчага которулду.
  • 3. М. Яшар Кандемирдин «Hikayelerle Kırk Hadis» (Аңгемелердин негизинде кырк хадис) китеби кы ргызчага которулду.

Журналдарда жарыяланган макалалары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1. Диндин коомдук туруктуулукту сактоодогу орду жана ролу. //Ош мамлекеттик университетинин теолгия факультетинин илимий журналы. №18-19. – Ош, 2013. (С. Базаркулов менен бирге)
  • 2. Дин таануу жана илимий негизде билим берүү маселеси. //И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналы. Атайын чыгарылыш. - Бишкек, 2014.
  • 3. Калам илими жана учурдагы теологиялык маселелер. //И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналы. Атайын чыгарылыш. - Бишкек, 2014.
  • 4. Караханиддер доорунда Кыргызстандын аймагында жашаган аалымдар жана алардын эмгектери. //Ош мамлекеттик университетинин теолгия факультетинин илимий журналы. №20-21. – Ош, 2015.

Журналдарда жарыяланган которгон макалалары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1. Мевлүд Уянык. Ааламдын тили – тавхид дини (Âlemin Dili Tevhid). //Ош мамлекеттик университетинин теолгия факультетинин илимий журналы. Кыргызчага которгон: Абдилазиз Калбердиев. №16-17. – Ош, 2013.
  • 2. Мевлүд Уянык. Дин, саясат жана коопсуздук (Din ve Siyaset). //И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналы. Кыргызчага которгон: Абдилазиз Калбердиев. №5. - Бишкек, 2013.
  • 3. Йозеф Шахт. Сарахсинин өмүр таржымалы жана чыгармалары жөнүндө кыскача эскертүүлөр (Serahsi’nin Hayatı ve Eserleri Hakkında Kısa Notlar). //Ош мамлекеттик университетинин теолгия факультетинин илимий журналы. Кыргызчага которгон: Абдилазиз Калбердиев. №12. – Ош, 2007.

Эл аралык симпозиумдарда сунган докладдары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1. Жусуп Баласагын жана анын Кутадгу билигдеги улухият түшүнүгү. //Кыргыз-Түрк “Манас” университети “Орто Азияда Ислам Маданияты II” эл аралык симпозиуму. – Бишкек: 12-15-октябрь 2012.
  • 2. Kaşgarlı Mahmut ve Divan-ü Lügati’t-Türk’te Ulûhiyet Anlayışı. //X. Uluslararası Türk Dünyası Sosyal Bilimler Kongresi. Симферополь, 28-август -2-сентябрь, 2012.
  • 3. Kırgızistan’da Bir İnanç Örgütlenmesi Olarak Tengircilik. //Türk Dünyası Sivil Toplum Kuruluşları Zirvesi Sempozyumu, Эскишехир, 12-14-май, 2014.
  • 4. Ahmet Yesevi Temelli Kırgız Zamancı-Ozanlar Geleneğinin XVIII-XIX. Asırda Yeniden Teşekkülü. //Uluslararası Hoca Ahmet Yesevi Sempozyumu. – Анкара, 28-30-апрель, 2016.

Өлкө аймагындагы конференцияларда сунган докладдары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1. Коомдук биримдикти камсыз кылуу максатында дин жана диний түшүнүктөрдүн талданышы. //Кыргызстандын түштүгүндө этностор аралык мамилелер: Азыркы абал жана перспективасы аймактык илимий-практикалык конференцияы. – Ош, 2013.