Калдыбаев Бүдүн

Википедия дан

Калдыбаев Бүдүн 1928-жылы азыркы Сузак районунун Көк-Арт айылында туулган.

  • Айылдагы башталгыч мектепти бүткөн соң, коңшу айылга барып окуусун улантат.Өспүрүм кези Улуу согуш маалына туура келип, өзү теңдүү курбулары менен жумуштун эң оор түйшүгүн тарткан.
  • Согуш жеңиш менен аяктагандан кийин, окуусун кайра улантып, бүтүп келгенден кийин, колхоздун мал чарбасында ферма башчы болуп иштеп калат.
  • 1951- жылдарда колхоздор ирилешип, Кызыл Октябрь колхозу Красный Октябрь колхозуна кошулганда, Көк-Арт эли Октябрь кыштагына көчүп келе баштайт.
  • 1953-жылы Жалал-Абад шаарындагы зооветеринардык окуу жайына тапшырып, атайын орто билимге ээ болот.
  • 1963- жылдары Октябрь кыштагындагы үч колхоз биригип, Дружба совхозу уюшулат.Ошондон баштап, талаачылык бригадасында бригадир, учетчик болуп, ардактуу эс алууга чыкканга чейин эмгектенген.
  • Чындыкты бетке айткан өткүр мүнөзү, кара кылды как жарган калыстыгы менен эл арасында аброю абдан чоң болгон.
  • Ошондуктан, 1973-жылы Көк- Арт элинин Ынтымакчылыгы уюшулганда, бир добуштан Эл башы (бий)кылып шайлап алышкан.Ошол мезгилден, өмүрүнүн акырына чейин, Көк-Арт элинин маараке-тойлорун башкарып, элдин ыраазычылык алкышын алып келген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3